Айбат » Азыркы өкмөттү жалпайтуу боюнча “барбарос” планы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Азыркы өкмөттү жалпайтуу боюнча “барбарос” планы

Болот Шер

Аргасыздан ушинтип алакан жая турган болуп калдык. “Ата журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев эл алдында берген убадаларын четинен аткарууга аракетине өттү. 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында эски кожоюну, качкын президент Курманбек Бакиевди мекенине кайтарып келерин убада кылды эле, мунусу тегин кеп эместигин өткөн жылдын 3-октябрында далилдеди. Эми парламенттик шайлоонун астында түштүктөгү райондордун биринде: “Биз азыр “бөлтүрүкпүз”. Кийин “карышкыр” болгондо Текени (“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди айтканы) жейбиз” деген убадасын жүзөгө ашырууга киришиптир. Муну “Ата мекендин” лидерлеринин бири Болот Шердин 6-июлда үч “ата журтчуну” (К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов) Таласта мейманчылап, аларга келиндей жүгүрө кызмат кылганы айныгыс факт.

“Ата мекендин” жолбашчысы Өмүрбек Текебаев адатынча партиялашын коргоп чыкты деңизчи. “Болот Шер “таш менен урганды аш менен урду”. Накта жигитчилигин көрсөттү, кыргыздын улуу салтын даңазалады” деген аргументти ортого жайды. Тилекке каршы, бул жерде чоң саясат жатканын тар чөйрөдөгүлөр узун сабак кеп кылышууда. Бизге жеткен маалыматка караганда, Болот Шер дасторкон үстүндө учурдагы коалицияны ыдыратуу, жаңы коалиция түзүү демилгесин көтөрүптүр. “Барбарос планы” ийгиликтүү жүзөгө ашса, жармакташкан өкмөт “Ата журт”-“Ата мекен”-“Ар-намыс” үчилтигинин катышуусунда куралат экен. Ал эми бул топтун башкы максаты – Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн жалпайтып, жаңысын түзүү эмес, жаңы коалициядагы депутаттардын көмөгү астында азыркы президентти ээрден оодарып түшүү.

“Кезинде Бакиев эркин майтара албаган Болот Шер эмнеге анын “бөлтүрүктөрүнө” жем болуп атыр?” деген суроо жаралары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мунун себеби бешиктеги балага деле дайын. 2010-жылдагы апрель окуясындагы талап-тоноочулуктун бети ачылгандан бери “ата мекенчилердин” шайы ооду. Чачылып бараткан аброюн кантип сактап калыштын жолун билбей, аргалары куруганда ушундай жолду тандап алганы айтпасак теле түшүнүктүү чыгар.

Деген менен, Болот Шер намыскөй жигит эмеспи, убактылуу ызалыкка, эмоцияга алдырып, Ташиевге сырын төгүп койгондур. Ал эми түпкүлүгүндө алар менен “баш кошуу”, кезектеги революцияны жасоо ниети болбосо керек. Себеби, ал эгер дагы бир жолу бийлик күч менен алмашса Кыргызстан чачып кетерин бөркүндөй көрөрү турган иш.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru