Айбат » Соттор менен «жашынмак» ойногусу келген Жапаров, Ташиев жана Мамытов

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Соттор менен «жашынмак» ойногусу келген Жапаров, Ташиев жана Мамытов

камчыбек ташиевКескелдирик деген бир жандык бар. Кокусунан бир коркунучка кабылса, куйругун үзүп, таштай качат. Эми ошондой адат биздин саясатчыларга өттү. Ырасын айтканда башталганына көп болду. Кандайдыр бир кылмыш иши ачылса эле, ооруп аткан киши болуп, «дарыланмакчымын» дешет да чет өлкөлөрдүн бирине сиңип кетет. Андайлардын катарын санай берсек, колубуздун беш манжасы жетпей калат. Андыктан «куйругун» үзө качып жүргөн Кыргызстандагы эле саясатчыларды айталы. «Свежий куйруктары» былк-былк этип Жогорку Соттун казанында кайнап атканына карабастан, башы эле калган кескелдириктерче «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор кече күнкү сот отурумуна барышкан жок. Эптеп эле, өздөрүнүн аялдар «батальонунун» жардамы менен, тактап айтканда алардын «учуучу» бут кийимдеринин жардамы менен Бишкек шаардык сотунун судьяларына кысым, басым жасап жатып эркиндикке чыгып алышкан. Акылы бар, эси жок, билеги бар, билими жок, алакөөдөн дардаңдаган Ташиев абактан чыгары менен итин жетелеп алып, жарым саатка тоого чыгып келген соң, аялдар «батальонун» «стройция» кылып алып, «равняя-ясь, исмирносун» жасап, анан ар бирине жомоктогу Золушканыкындай «тупилийден» алып берип, «эгерде эми бизди Жогорку Сотто камайбыз дешсе, мына ушул «тупилийлериңер» учсун. Силердин «тайманбастыгыңар» менен Жогорку Соттон да акталып чыгып алсак, ар бириңерге бирден «тупилий» дүкөн ачып берем» деп убадасын катыра бериптир. «Ур-ра, ур-ра, ур-раа» дешип аялдар «батальону» өздөрүнүн «генералына» кызмат кылууга даяр экендиктерин билдиришкен экен. Андыктан кече күнкү сот отурумуна үч депутат өздөрү барбастан эле, «батальонун» жөнөтүп койгон экен, сот отуруму башталбай жатып, аларың бир журналисттин көйнөгүн айрыганга үлгүрүштү. Шефиңе берилгендик деп ушуну айт. Ал эми алардын адвокаттары болсо, «Депутаттар келишмек, бирок бул жерде адамдар өтө көп болгондуктан кайра кетип калышты. Алардын коопсуздугу сакталышы керек» дешет. Шылтоо болбосоң кое кал. Анан дагы «Укук коргоо кызматкерлери провокация уюштуруп жиберишмек» дешип аңкоолонушат. Ушул кезге чейин провокацияны өздөрү уюштуруп келишкенин бардыгыбыз эле билебиз го. Эки агасынын соңунан жаштайынан бузуку саясатчыга айлана баштаган Талант Мамытов адатынча дагы маалымат жыйынын өткөзгөнгө үлгүрдү. Анын айтуусу боюнча дагы алардын сот отурумуна барышынан улам провокация уюштуруп жиберүүчүлөр болмок экен. Бул эми курулай эле шылтоо экендиги көрүнүп турбайбы? Алардын «куйруктарын» Жогорку Сотко калтырып, өздөрү «Эл жол тособуз деп атат, бизди камасаңар…» дегендей кыйытып отургандары, жер төлөгө башын тыгып алып, «Көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жей берсин» болуп атпайбы? Же Ак үйдүн тосмосунун шишине сайылган көчүктүн эми эмне кереги бар деп атышабы? Булардын мындай жоруктарын элибизге белгилүү инсандар тескери кабылдашты. Маселен, эл өкүлү Гүласал Садырбаева «Сот бул бийликтин бир бутагы болгон кийин, аны сыйлап келип катышкандары туура болмок. Жок эле дегенде өзүн-өзү сыйлаган киши деле келмек. Бүгүн келбесе, баары бир башка күнү келет да. Биринчи жолу келбесе, экинчи жолу чакырат, анда да келбесе, үчүнчү жолу чакырат. Акыры бир күнү келет. Сотко келбей койсо эле сот өз ишин токтотуп койбойт. Эгерде ушундай жол менен кутулуп кетебиз дешсе, анда кылмыш кылып, ага кылмыш иши ачылгандардын баары эле келбей коюп кутула беришмек. Андыктан Ташиев, Жапаров жана Мамытовдор сот ишине келип, эгерде ак болушса, ак экендиктерин далилдеп беришкенде жакшы болмок», дейт. Ырасында эле, үч «мушкетер» өздөрүнүн ак экендиктерине чындап ишенсе, эмнеге кайрадан эле аялдардын этегине жашынышып, жан алакетке түшүп жатышат? Жок эле дегенде жигиттик намыс үчүн, аялзатынын этегине жашынгандарын токтотушса болмок. Бүгүнкү бийликти кулатып коюп эле, бул жоопкерчиликтен кутулабыз дешсе чоң жаңылышат. Анткени алардын 3-октябрдагы жоругун бүтүндөй дүйнө коомчулугу көргөн. Курал-жарактары да камдалгандыгын билдик. Догурунгандын да чеги болот. Эгерде кыргыз эли үчүн жан берүүгө да даяр болсоңор, бир жигитчилик күнөөңөрдү моюнга алып койбойсуңарбы, ыя? Жок дегенде мына ушул ыйык рамазан айында калп айтпагылачы! Беш маал намаз окуп коюп эле, калп айтсам да акыретте бейишке барам десеңер жаңылышасыңар го…

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru