Айбат » Батукаевдин абактан бошоп кетишине айыпталып жаткандар четинен кызматынан кетүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Батукаевдин абактан бошоп кетишине айыпталып жаткандар четинен кызматынан кетүүдө

Акун

Узак мөөнөткө темир тор артына камалган «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп кетиши, ага кошул-ташыл болуп, ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткени коомчулукту дүрбөлөңгө салып, парламент трибунасынан эл өкүлдөрү биринин артынан бири сүйлөп жатышты. Өзгөчө бийликти кыртышы сүйбөгөн, аны кантип алсыздандыруу керек экендигин ойлонуп күнү-түнүукташпаган оппозициячыл саясатчыларга бул окуя «майдай» жакты. Анан бийликти каалагандарындай ашата башташты. Мына ушул жерден бир маселе жаралат. Биз азыркы күндө парламенттик башкаруу системасында жашап жатабыз. Андыктан мамлекетибизде маселелердин көпчүлүк бөлүгүнө парламент жоопкер. Ошол эле өкмөткө дагы парламенттеги партиялардан барышкан. Ошол эле учурда биз ар дайым «Сот бийлиги президенттен көз карандысыз болсун» деп келдик. Муну президентибиз дагы колдоду. Өзүнүн президенттик кызматына келгени бир да жолу соттордун ишине кийлигишкен жок. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын негизинде гана иш алып барууда.Өлкөдөгү басымдуу жоопкерчиликтүү иштерди өкмөт жасайт. Катачылыктар болсо өкмөт жооп берет. Анда неге айрым учурларда президентке да асылып, «Батукаевди качырган бийлик» деген коошпогон сөздү айтып жаткандарына түшүнүү кыйын. Туура, Батукаевдин темир тор артынан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Чеченстанга учуп кетиши мамлекетибизге аброй алып келген жок. Ал үчүн мамлекеттик жогорку жетекчилердин бирөөсү жооп бериши керек болчу. Жооп берди.

Батукаевдин абактан бошоп кетишине ошол учурдагы күч органдары боюнча вице-премьер-министр Шамиль Атаханов жол берип койгондугу маалым болду. Бирок, ага карата кылмыш ишин ачууга юридикалык негиздер жок. Бирок, ал жоопкерчиликсиз калган жок. Кызматын өткөрүп берди. Мамлекеттик деңгээлдеги мындай жогорку кызматын өз каалоосу менен таштап кеткен саясатчылар азырынча Кыргызстандын тарыхында боло элек. Демек, Шамиль Атаханов деле өз каалоосу менен кызматынан кетпейт эле. Бирок, ал кызматынан кетти. Демек, жазаланды. Ал эми Батукаев Чеченстанга учуп кеткенден кийин узун кулак, узун тилдүү айрымдар «Батукаев Москвадагы кыргыз ишкерлерине салык салып жатыптыр» деген имишти чыгарышты. Ачыгын айтканда, азыркы тапта Москвада иштеген кыргыз жарандары өлкөбүздөгү ар бир үчүнчү үй-бүлөдөн бар. Демек, Москвада эмне болуп жатканын Россиянын 1-каналынан мурда билип алсак болот.

Андыктан Батукаевдин Москвада кыргыз ишкерлерин «сындырып» атканы карандай калп экендиги билинген. Муну тастыктап КР ИИМинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдураимов дагы кыргыз тилдүү маалымат сайттарынын бирине билдирип чыккан болчу. Ошондой эле Батукаев маселеси экинчи мөөнөткө жаңыдан эле шайланган Акыйкатчы Турсунбек Акунду да кызматынан шыпырып түштү. Атка жеңил, тайга чак «тыпылдаган» Турсунбек Акун Батукаевдин аз эле күндүк өмүрү калганын айтып алып, оозунан жаңылып калды көрүнөт. Анын айтуусу боюнча Чеченстанга зыр койгон «мыйзамдагы уурунун» бүгүнкү күндө жаназасы окулуп калышы керек эле. Бирок, андай болбоду. Муну бактыга жараша дейбизби, же тилекке каршы дейбизби, тандоо кыйын. Батукаев абакта жатканда ага кайра-кайра кирип-чыгып атып, акыры бошотууга чейин салым кошкон экс-Акыйкатчы кызматында калуу үчүн эмнелерди гана жасаган жок. «Мен басып жүргөн бомбамын» деп да билдирди. Парламенттин трибунасынан түз эле реанимацияга чейин барды. Акыр аягы, айрым басылмалар жазмакчы Турсунбек Акун өзүнүн бомбасына өзү «жарылып» алды. Демек, Батукаев маселесине түздөн-түз тиешеси барлар жазасыз калышкан жок.

Акинай Айдарова

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru