Айбат » АКШда мурунку президенттин баласынын банктардагы эсеп-кысабын арестке алышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » АКШда мурунку президенттин баласынын банктардагы эсеп-кысабын арестке алышты

Максим Бакиев

АКШ бийлиги мурунку кыргыз лидери Курманбек Бакиевдин баласы Максимдин эсеп-кысабын тоңдуруп коюшту, – бул туурасында «Ъ» басылмасына Кыргыз өкмөтү билдирди. Арестке алынган каражаттын суммасы 74,4 миллион долларды түзөт. Бул акчаларды бала Бакиев баалуу кагаздар операциясынын жана кыргыз коммерциялык банктарынын кирешелеринен алган. Бишкекте дагы башка мамлекеттер Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерге карата ушуга окшош эле чечимдерди кабыл алат деп ишенип турушат. 

АКШда Максим Бакиевдин банктардагы счету тоңдурулгандыгы тууралуу маалыматты «Ъ» басылмасына Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев  билдирген. «Америка тараптын маалыматына» ылайык, ал кеп 60 миллион доллар, 9 миллион доллар жана 5,4 миллион доллар суммаларындагы эсеп-кысап тууралуу болуп жаткандыгын түшүндүрдү.

Кыргыз өкмөтүнүн айтымында Курманбек Бакиевдин доорунда мамлекеттен чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу чечими америкалыктардын биринчи кадамы болду. Өткөн жумада Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын алдында атайын жумушчу тобу түзүлгөн. Ал топ Akin Gump деп аталган америкалык юридикалык компаниянын жардамы менен мына ушул маселе менен алек болот. «Биз Максим Бакиевдин акча каражаттары тууралуу маалымат берүүсүн суранып АКШга запрос жөнөттүк. Идентикалык документти бизден Латвиянын жана Британиянын өкмөтү дагы алды», – деп билдирди «Ъ» басылмасына Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу. Кыргыз тергөөчүлөрү Максим Бакиев өзүнүн капиталынын чоң көлөмүн Латвиянын банктарына жайгаштырган деп аныкташат. Азыркы күндө мурунку «принцтин» акчаларын анын классташы Алексей Елисеев башкарып келет. Бул дагы 2010-жылдагы революциядан кийин Прибалтикага качып кеткен.

Башкы прокуратура мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайра кайтарып алууга жасалган аракет менен кошо эле Максим Бакиев тарабынан көлөмдүү кыргыз ишканалары менен банктарга жасаган рейдерлик басып алуулары боюнча тергөө иштерин дагы жүргүзүүдө. Экс-президенттин баласынын көзөмөлүндө, мисалы казактардын БТАсы, «Ысык-Көл инвест банкы», «Кыргыз кредит» жана «Азия Универсал Банк» турган. Бул банктар иликтөөнүн негизинде акчаларды «жууп-тазалоо» үчүн пайдаланылганы белгилүү болду. «Максим Бакиев Кыргызстанды оффшордук зонага айлантып жиберген», – дейт Темирбек Бекмамат уулу. Анын эсеби боюнча Британиянын Виргин аралында, Гибралтарда, Панаме жана Жаңы Зеландияда катталган фирмалары бир гана Азия универсал Банкы аркылуу миллиарддаган долларларды легалдаштырган.

Бийликтин айтуусу боюнча Максим Бакиев өзүнүн биринчи миллиардын мамлекеттеги алтын чыгуучу жайдын запасы аркылуу финансылык махинациялардын жардамы менен тапкан. «2009-жылкы келишим боюнча канадалык «Центерра» компаниясына («Кумтөр» алтын кени менен иштейт) дагы кошумча катары Сарычат- Эрташ коругунан 16,5 миң гектар жер берилген. Ал жерде баланстагы алтындын запасы эле 40 тонна, а факты жүзүндө 100 тонна. Бул бир нече миллиарддаган доллар, – деген буга чейин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. – Парламентте келишимди бекитип бергенден кийин Максим Бакиев Москвадагы казинолордун биринен өзүнүн биринчи миллиардын майрамдаган». Эске сала кетүүчү жагдай, Кыргыз өкмөтү төрт жыл мурдагы келишимди денонсациялоо керек экендиги тууралуу жарыялап, канадалык инвесторлорго ойлонуу үчүн сентябрь айынын ортосуна чейин убакыт беришкен.

Азыркы тапта Максим Бакиев Лондондо жашырынып жүрөт. Мунусу менен Бишкекте ачык эле көңүлдү ирээнжитип жатат. «Британия Кыргызстандагы демократияга жардам бергиси келе тургандыгын билдиришет. Бул калп. Силер бизди тоноп кеткен баланы багып алдыңар», – деген президент  Атамбаев Guardianга берген маегинде. Ага кошумчалай, Лондондон «мынчалык пастыкты жана коррупциялашкан саясатты» күткөн эместигин баса белгилеген.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru