Айбат » Корей парламентчилеринен карызды кечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Корей парламентчилеринен карызды кечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү

Асылбек ЖээнбековЖогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ, 18-июлда Корея республикасынын Улуттук ассамблеясынын эл аралык иштер, соода жана биримдик боюнча комитетинин төрагасы Ан Хонг Чжун башында турган корея парламентинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

“Корея натыйжалуу мамлекеттик башкаруу менен экономикалык реформалардын ачык мисалы болуп саналат. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарындагы “Хангнам дарыясындагы кереметке” деп аталган Кореянын экономикалык секиригине Кыргызстанда абдан кубануу менен мамиле жасашат”,- деген төрага Кыргызстан парламенттик демократиянын өнүгүү жолун тандап алгандыгын жана Корея сындуу алдыңкы өлкөлөрдүн мамлекеттик өнүгүшүнүн оң тажрыйбаларын кабыл алууга аракеттенерин баса белгиледи. “Бул иш сапарды биз Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо деп баалайбыз”, деп кошумчалады төрага.

А.Жээнбеков Кореянын Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү, анын ичинде, Эл аралык кызматташуу боюнча корея агенттигинин ишмердүүлүгүнүн (KOIKA) алкагындагы жардамдар үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан экономикасына инвестиция кошууга кызыкдар чет элдик инвесторлор үчүн кыргыз тараптан баардык зарыл болгон шарттар түзүлөөрүнө ишендирип өттү.

Өз кезегинде Корея Республикасынын улуттук ассамблеясынын делегация башчысы Ан Хонг Чжун Кыргызстан ачык демократиялуу өлкө экендигине токтолду. “Кыргызстан саясый туруктуулук менен өлкө экономикасынын калыбына келишинде татаал процессти башынан өткөрдү. Бирок, бүгүнкү күндө Кыргызстан демократиялык принциптери жана ачык экономикасы менен эркин өлкөгө айланды”, -деген делегация башчысы Кыргызстан менен Кореянын ортосунда кызматташуунун кең келечеги бар экендигине бекем ишенимин айтты.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227633



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru