Айбат » Кыргызга күйүмүш эткен Исабеков, америкалыктардын дааратканасын алмаштырып турабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызга күйүмүш эткен Исабеков, америкалыктардын дааратканасын алмаштырып турабы?

ИсабековКөпөлөкчө учуп-конуп, ар кайсыл гүлдүн жытын искеп,балын соруп жашаган, калп эле «кыргызым ай, кыргызым» деп өпкөсүн «калдалаңдатып» чуркаган, күйүмүш эткен саясатчылар көбөйдү. Ачыгын айтканда андайлар сайдын ташынан да көп болуп кетти. Алардын катарын «акжолчу» экс-вице-спикер, Бакиевдин арыгын тындырбай чапкандардын бири Кубанычбек Исабеков. «Кумтөр» маселеси боюнча ооз көптүрүп сүйлөп-сүйлөп алып эле, анан бир далай убакытка чейин талкан жутуп алгансып, унчукпай калат. Анан кайрадан эле «Кумтөр элдики» деп кыйкырып чыга келет. Ошондон улам аны «Кумтөр» маселеси менен канадалык инвесторлорду «саан уйга» айлантып алган деп айтып келишет. Жакшылап миллиондорду «саап» алгандан кийин, чет өлкөлөп эс алып, узак убакытка чейин дайынын таптырбай кетет. Анан акчасы түгөнө баштаганда кайрадан эле «Кумтөрдү» кантип «сааштын» жолун ойлоно баштайт. Көрсө, Исабеков «Кумтөрдү» гана «саабастан», «Манастагы» Американын базасын да «саап» келген экен. Сөздү башынан айта турган болсок, Америка базасы мамлекетке төгүүчү ижара акысынан сырткары дагы подрядчиктерге (эмеректерге, курулуштарга, жолдорду оңдоолорго, коммуналдык кызматтарга, таштандыларды чыгарууга, транспорт каражаттарын ижарага алууга, жана башка кызматтарга) жыл сайын миллиондогон акчаларды сарптайт экен. Мисалы, өткөн жылы мындай кызматтарга 31 миллион 567 миң 612 доллар жумшаса, үстүбүздөгү жылдын бүгүнкү күнүнө чейин 16 миллиондон ашуун акча сарптаган. Кайсыл жерден жеңил акча табылса, ошол жакка тумшугун тыга калчу Кубанычбек Исабеков да мындан куру калган эмес экен. Ал Америка аскерлери үчүн атайын келишим менен биодааратканаларды коюп турары маалым болду. Ал эми мындай дааратканаларды улам алмаштырып турууга туура келет. Демек, америкалыктар канчалык курсактарын көп тойгузуп, дааратканага каттап турса, Кубанычбек мырзага ошончолук пайда. Эми Америка базасы Кыргызстандан чыгып кетсе, андай биодаараткананын да кереги жок болуп калат. Демек, базанын Кыргызстанда калышына Кубанычбек Исабеков да кызыкдар. Ошондон улам анын Америка менен бирге экендигин айттырбай билүүгө болот. Эске сала кетсек, кече жакында эле Жети-Өгүздө болуп өткөн башаландыкты уюштургандардын бири катары Кубанычбек Исабековдун да ысымы аталган. Бул жакты жакшылап уюштуруп, команданы берип коюп, өзү Германиядагы ооруканалардын бирине жатып алганын билебиз. Бирок, шибегени капка ката албагандай эле, анын тымызын аракети ачыкталып калган. Ал митингге чыккандар «Кумтөр» маселесин көтөрүп чыккандары менен, негизги максаттары бийликти алсыратуу болгондугу билинген. Мындан улам анын уюштуруучулары өздөрүнүн майлуу токочторунан айрылып калбашы үчүн мамлекетибизде башаламандык жаратып, керек болсо төңкөрүш жасоодон да кайра тартышпай тургандыгын көрсөтүштү. Балким Кубанычбек мырза «төңкөрүш жасап жиберип, Америка базасын калтырсам, менин биодааратканаларым да өз «ишин» уланта берет» деп ойлосо керек. Кызыгың түшкүр, Исабековдукундай биодаараткана үчүн эле төңкөрүш жасай берсек, анда Кыргызстанда күнүнө бийлик алмашып турушу керек го..?

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru