Айбат » Кыргызстанда уюлдук байланыштын баасы 5-15 пайызга арзандап жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстанда уюлдук байланыштын баасы 5-15 пайызга арзандап жатат

тел

Кыргызстанда мобилдик байланыштын баасы жыл сайын 5-15 пайызга төмөндөп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Алмазбек Кадыркулов эки күндөн бери Ысык-Көлдө өтүп жаткан Байланыш жаатындагы регионалдык шериктештик башчыларынын  биргелешкен 48-отурумунда билдирди.

Анын айтымында, учурда уюлдук байланышка бир абонент ай сайын орточо алганда 4 доллар чыгымдайт.

Өткөн жылдын жыйынтыгына таянсак, уюлдук байланышты колдонуучулардын саны жалпы калктын 122 пайызына жеткен.

Ал эми жыл сайын Интернетке карата баа 5 пайызга азайып жатканын, түйүндүн маалымат берүү ылдамдыгы 8 пайызга көбөйгөнүн айтты.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Интернет колдонуучулар 3,5 млн адам деп эсептелди, бул көрсөткүч 2011-жылы 2,4 млн болчу. Ошол эле маалда калктын 51 пайызы дайыма интернетте олтурат.

Интернет тейлөөсүн көрсөткөн провайдерлер менен операторлордун саны – 74.




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. […] Кыргызстанда уюлдук байланыштын баасы 5-15 пайызга арза… […]

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru