Айбат » Данияр Тербишалиев ким менен таймашка даярданып жатат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Данияр Тербишалиев ким менен таймашка даярданып жатат?

Тербишалиев 2Данияр Тербишалиев деген Жогорку Кеңеште өтө эле оргиналдуу депутатыбыз бар. Аны ким гана тааныбайт… Ал 7-апрель окуясында балдарды чогулта калып, “патриот” деген ат менен өздөрүнүн демилгеси менен  элдик кошуун түзө коюп чоңдордун көзүнө илине калган. Ал көптөгөн өзгөчөлүктөрү менен башкалардан айырмалана алды. Акүйдүн ичиндеги кабинетинин кире беришинде  “Мен эл үчүн кызмат кылам Д. Тербишалиев” деген жазуусун бадырайта  илип алган. Андан башкалардын бардыгы патриот эмес сыяктуудай болуп. Тескерисинче, өтө эле копол көрүнөт. Же болбосо патриот болуп кыргыздын аздектеп кийген ак калпагын кийгенин бир да жолу көргөн жан жок болсо керек.  Элдик кошуунунун дагы аты орусча “Патриот”.  Анан кантип эле патриот болуп чыга калган? Таң каласың…

Жакында эле фейсбук социалдык түйүнүнө шортикчен сүрөттөрүн “фарфырата” чыгарып, фейсбукчуларды таң калтырды. Мына ушинтип ишенген кожокебиз “дешевый пиар” жасаганды кимден үйрөнгөнүнө таң каласың… Туура дечи, жаш жалындап турат, ичтеги сезимдер оргуштап фейсбукка чыга калганбы десең “чоң” кишилердей саясатташтырып сүйлөгөндө 90го чыккан чалдардай эле кеп урат эмеспи…    Анан мунусу эмнеси болду экен деп ойлонуп калдык… Балким, каникул маалында машыгып күзгү саясый “таймаштарга”  даярданып жаткандыр же өзүн “пиартетүүнүн” жолудур. Эгерде Данияр Өмүрзакович сизге “пиар” керек болуп, жетпей жатса бекер эле пиар кылып береличи…Тербишалиев

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru