Айбат » Алайда бардык шарттар менен камсыздалган моделдик китепкана ачылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Алайда бардык шарттар менен камсыздалган моделдик китепкана ачылды

Алай

17-июлда Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Элек айылында бардык шарттары менен жабдылган моделдик китепкана ачылды. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.

Китепкананын ачылыш аземине Алай райондук мамадминистрация башчысынын орун басары Максатбек Зикиров, облустук китепкананын башчысы Бактыгүл Мырзаева, Алай райондук борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Үрниса Асилова, облустун бардык райондорундагы китепкана башчылары, айыл аксакалдары катышты.

Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ачылган бул китепкана заманбап технологиялар менен жабдылган. Китепкана компьютер, ксерокөчүрмө, түстүү сыналгы, музыкалык борбор, санариптик фотоаппарат жана Сапатком байланышы менен камсыз болду. Айылдагы бөбөктөр үчүн да кошумча шарттар түзүлдү.

Китепкананын ачылыш аземинде чыгып сүйлөгөндөр келечекте бул китепкана электрондук китепканага айланарын, ал үчүн бул жерде толук мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтышты. Ошондой эле алар айылдык китепканалардын азыркы замандын талабына жооп берүүсү керек экендигин, анткени китепкана өткөн заман менен азыркыны байланыштырган негизги көпүрө экендигин баса белгилешти.

Моделдик китепкананын негизги максаты – жергиликтүү калкка билим берүү, компьютер менен иштөөнү жана программаларды үйрөтүү, ошондой эле, айыл жаштарын убакытты үнөмдүү жана пайдалуу, колдонууга үгүттөө болуп саналат. Китепканага келгендер эми бул жерден шахмат, шашки, домино оюндарын да ойной алышат.

Эске салсак, мындай моделдик китепкана Ош облусунда алгачкы жолу Сарай айыл өкмөтүндө ачылган.

Моделдик китепканада эми интернетке кошулуу аракеттери көрүлүүдө.

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru