Айбат » «Курманжан датка» тасмасынын бюджети 70 млн сомду түзөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео, Коом » «Курманжан датка» тасмасынын бюджети 70 млн сомду түзөт

Курманжан Датка

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ушул жылдын 14-июнундагы буйругу менен Маданият, маалымат жанан туризм министрлигине эки бөлүктүү «Курманжан датка» көркөм тасмасын тартып бүтүрүүгө ушул жыл үчүн кошумча 30 млн сом бөлүү жөнүндө Финансы министрлигине тапшырылды.

Каражаттар «Капиталдык салымдар» статьясы боюнча чыгымдарды кыскартуунун эсебинен мамлекеттик тапшырык линиясы боюнча бөлүнөт.

Ошондой эле, Маданият, маалымат жанан туризм министрлигине, 2011-жылы бөлүнгөн 40 млн сомдун пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды Финансы министрлигине бир айдын ичинде берүү тапшырылды.

Мындай өңүттө, «Курманжан Датка» 70 млн сом бюджети менен көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы эң кымбат тасма болуп калат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru