Айбат » Жумгалда көмүр өндүрүп жаткан ишканалар карыздарын төлөшбөсө тендерге катышышпайт: К.Муратбеков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Жумгалда көмүр өндүрүп жаткан ишканалар карыздарын төлөшбөсө тендерге катышышпайт: К.Муратбеков

0d2f35077a63996e1374df222101e7bf_500_0_0Жумгал районунун аймагынан иштерин жүргүзүп көмүр өндүрүп жаткан ишканалар социалдык фондго, салык органдарына, электр энергиясына болгон карыздарын 1-августка чейин төлөбөсө тендерге катышуу укугунан ажыратылат деп билдирди Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Канатбек Муратбеков кечээ, 18-июлда Жумгал районуна келген иш сапарында деп жазат “Жумгал KG” маалымат сайты.

Кышкы мезгилге болгон даярдыкты текшерүү кеңешмеде оңдолуп, жасалып жаткан жолдорду кайрадан бузуп албоо үчүн көмүр ташуучу унаалардын жалпы октук салмак басымы ченемден ашпоосун ишкана жетекчилеринен талап кылып, талаптар аткарылбаса тийиштүү чара көрүлөөрүн эскертти.

Эске салсак, 2013-2014-жылдарга облустун саламаттыкты сактоо мекемелерине 1 миң 217 тн, билим берүү мекемелерине 12 миң 660 тн, маданият бөлүмдөрүнө 583 тн, кесиптик окуу жайларына 561 тн, ички иштер башкармалыгына 564 тн, чек ара кызматына 3 миң 858 тн, облустун жылуулук берүү ишканаларына 2 миң 710 тн, калкка – 22 миң 750 тн, ал эми жалпы облус боюнча 44 миң 903 тн көмүр керектелет.

http://www.jumgal.kg/

Мирбек Асаналиев



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru