Айбат » Чүй облустук соту 15 жаштагы кызды зордуктагандарга мыйзамсыз чечимди чыгарган, – «Сезим» кризистик борбору

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Чүй облустук соту 15 жаштагы кызды зордуктагандарга мыйзамсыз чечимди чыгарган, – «Сезим» кризистик борбору

Сезим

Чүй облустук соту жашы жете элек өспүрүм кызды зордуктаган төрт соттолуучуга карата мыйзамсыз чечимди чыгарган, деп эсептейт «Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова.

Ал, бүгүн, 19-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиргендей, 8-июлда Чүй облустук соту өзүнүн аныктамасы менен Сокулук райондук сотунун айыптоо өкүмүн толугу менен жокко чыгарып, иштин материалдарын жаңыдан кароого кайра артка жөнөткөн.

Б.Рыскулова белгилегендей, судья иш биринчи инстанцияда каралып жатканда соттолуучулардын бири «акыркы сөзүн» айткан эмес дегенге шылтаган. «Биринчи инстанциядагы соттук отурумдун протоколунда соттолуучулардын биринин жана жабырлануучунун күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү киргизилген эмес, соттолуучулардын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү бурмаланган, ал эми соттолуучулардын бири «акыркы сөзүн» айткан эмес деген чындыкка туура келбейт», – дейт ал.

Анын айтымында, бул факт — соттук былыктык, ишти создуктуруу. «Бул — соттук системадагы соттук былык иштердин жана коррупциянын ачык мисалы. Зөөкүрлөргө карата кылмыш ишин «бузуу» жана актоо өкүмүн чыгаруу үчүн ири өлчөмдөгү пара берилгени боюнча шегим бар», – деди кризистик борбордун директору.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Чүй облусунун Сокулук районунда Турат Назаров, Дөөлөтбек Назаров, Дамир Эркебаев жана Мисирбек Курманбаев аттуу жарандар тарабынан 15 жаштагы өспүрүм кыз зордукталган.

Аталган кылмышкерлер ошол эле күнү Ленин РИИБнин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалышкан. 29-июнда Сокулук РИИБ аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

30-июнда Сокулук районунун судъясы Х.Мамадалиева алардын бирөөсүн аргументтерсиз бошотуу чечимин кабыл алып, калгандарына карата убактылуу кармоочу жайда 15 сутка камап туруу баш коргоо чарасын кабыл алган.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru