Айбат » Жакында эле төрөлгөн үч эгиз кыздын энеси материалдык жардам алды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жакында эле төрөлгөн үч эгиз кыздын энеси материалдык жардам алды

эгиздер

Жакында эле төрөлгөн үч эгиз кыздын энеси Назира Камилова бүгүн, 18-июлда Бишкек шаардык мэриясынан 58 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Акча каражатын жана белектерди шаардын Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары Чынара Борбашева тапшырды.

«Н.Камилованын улуу үч баласын балдар бакчасына орноштуруу маселесин чечебиз. Көп балалуу бул үй-бүлө Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттосуна алынат»,- деди Ч.Борбашева.

Бул үй-бүлөгө материалдык жардам Бишкек шаардык кеңешинин «Колдоого муктаж үй-бүлөлөргө жана жарандарга жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомуна ылайык берилди.

Эске салсак, Бишкек шаарынын тургуну 34 жаштагы Назира Камилова 5-июлда шаардык №1 төрөт үйүндө үч кыз төрөгөн.

Кыздар кош бойлуулуктун 37-жумасында төрөлүшкөн. Эгиздер бою, салмагы боюнча бирдей: 1,990 кг жана 46 см, 1,940 кг жана 43 см, 1,960 кг жана 45 см. Эгиз кыздардын аттары Аяна, Диана жана Раяна.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын башынан бери шаар боюнча төртүнчү жолу үчтөн эгиздер төрөлдү.

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru