Айбат » Осмонбек Артыкбаев:Индияга электр энергияны экспорттоого кызыктарбыз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Осмонбек Артыкбаев:Индияга электр энергияны экспорттоого кызыктарбыз

Электро линия

Индия Кыргызстанда ишке ашырыла турган энергетика тармагындагы долбоорлорго болгон кызыгат. Бүгүн эки тарап соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Индия-Кыргызстан өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында бир топ документтерге кол коюшту. Эми Индия-Кыргызстан энергетика, текстиль, айыл чарба, телекоммуникация, тамак-аш, тоо-кен тармагында кызматташат.

Кыргыз өкмөтү тарабынан протоколго энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев кол койсо, Индия тараптан соода жана өнөр-жай мамлекеттик министри Дагубати Пурандесвари кол койду. Кыргыз-Индия кызматташтыгы тууралуу министр Осмонбек Артыкбаев буларга токтолду.

Осмонбек АртыкбаевЖергиликтүү бизнесмендер Индия менен кызматташууга даяр экендигин билдиршүүдө.  2012-жылы Кыргызстан менен Индия ортосунда соода жүгүртүү  дагы 30  миллион долларды түздү.  Энергетикадан сырткары дагы башка тармактар менен кызматташуубуз өнүгөт деп ишенем. Биз Индияга электр энергиясын экспорттоого кызыктарбыз…

Протоколго ылайык, кийинки 7-жыйын 2014-жылы Индияда болот: Эске салсак,  Индия-Кыргызстан энергетика, текстиль, айыл чарба, телекоммуникация, тамак-аш, тоо-кен тармагында кызматташат.

М.Абдраманова “Биринчи радио”




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru