Айбат » Нурлан Мотуев акыйкатчылыкка талапкерлигин койду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Нурлан Мотуев акыйкатчылыкка талапкерлигин койду

Нурлан Мотуев

Нурлан Мотуев Кыргызстандын акыйкатчысына талапкер болду. Бул тууралуу “ВБ”га бүгүн, 19-июлда КСДП фракциясынын депутаты, адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүм боюнча Жогорку Кеңеш комитетинин төрагасынын орун басары Абдыманап Кутушев билдирди.

Анын айтымында Мотуевдин арызы бир жума мурун эле келип түшкөн. “Мотуевден башка дагы беш талапкер арыздарын беришкен. Алар Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Р.Касымалиев, Чолпон Койчуманова жана Өмүрбек Рысмендиев. Конкурс аяктагандан кийин талапкерлерди фракцияларда талкуулашат”,- деди Кутушев.

Эскертсек, Жогорку Кеңеш 27-июндагы жыйынында Турсунбек Акунду ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чечим кабыл алган.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227667




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru