Айбат » Кыргыз-казак чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү бүгүн башталат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргыз-казак чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү бүгүн башталат

границаБүгүн, 22-июлда Бишкекте кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жолугушуусу башталат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады.

Анын айтымында, жолугушууда Таластын Көк-Сай айылындагы талаштуу аймак боюнча маселе каралат. Буга чейин аталган айылдын тургундары эки апта бою Жамбылга кетчү сугат каналды бууп турушкан. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган айылдагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алуу талабын коюшкан.

Буга нааразы болгон Бишкектеги казак элчилиги билдирүү таратып, каналдын буулуп турушун тартип бузуу деп атаган болчу. Искандаров билдиргендей, бул жолугушууда эки тарап Көк-Сай аймагындагы жайыттар боюнча келишимди кайра карап чыгууну көздөөдө.

1241 чакырымды түзгөн Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын делимитациялоо же тактоо 2008-жылы аяктаган. Учурда эки өлкө ортосунда чек ара белгилери орнотулуп бүтө элек саналуу участоктор бар.

Булак : «Азаттык» радиосу


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru