Айбат » Президент А.Атамбаев «Айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Президент А.Атамбаев «Айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду

подписьПрезидент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алынган.

Ошентип, «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы 21-1 жаңы беренеси менен толукталган. Ал жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө пайдаланылуучу кирешелердин же башка келип түшүүлөрдүн конкреттүү түрлөрүнөн чегерүүлөрдүн жана максаттуу багыттагы башка конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруунун эсебинен мыйзамдарга ылайык түзүлгөн акча каражаттарынын эсебинен Региондорду өнүктүрүү фондун түзүүнү карайт.

Ошондой эле «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» КР мыйзамынын 19-3 беренеси жаңы редакцияда баяндалган. Анда региондорду (облустарды жана райондорду) өнүктүрүү фонддоруна жана жергиликтүү бюджеттерге пайдалуу кендер чыккан жерлери боюнча жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө аларды иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактардан пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн пайдадан 2% өлчөмүндө чегерилери белгиленген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru