Айбат » Депутат Надира Нарматованын кызматтык машинасы аварияга учурап, каза болгондор бар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Депутат Надира Нарматованын кызматтык машинасы аварияга учурап, каза болгондор бар

Надира нурматоваКечээ, 21-июлда жергиликтүү убакыт боюнча 13.50. дө Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын0032 KG номерлүү кызматтык машинасы Токтогул районунун Чычкан капчыгайында, Бишкек-Ош жолунун 270-чакырымында оор жүк ташуучу «Вольво»  S 1012 АL номерлүү машина менен катуу кагышып, аварияга учураган. Кырсыктан депутаттын айдоочусу, 1984-жылы туулган Мээримбек Нурдинов жана анын жанында бараткан 1959-жылы туулган жаран Медербек Шакиевдер каза болушкан. Башка дагы 3 жүргүнчү Кызбурак Гаипкулова, Мээрим Токторбекова, жана Дильяна Жунусовалар Токтогул райондук оруукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилилген.

Ал эми депутат Надира Нарматова машинада жок болуп чыкты. Адатта депутаттар түштүккө барарда кызматтык машинасын Төө-Ашуу аркылуу жөнөтүп коюп, өздөрү артынан самолет менен Ошко учуп барушчу. Бу жолу да ошондой болсо керек.  Авария тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы да ырастады.

 – KyrgyzToday.kg




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru