Айбат » Бишкек-Нарын авиа каттамы ачылды!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкек-Нарын авиа каттамы ачылды!

saab340Мамлекетибиздеги маанилүү бир жаңылык-ушул жумадан тартып Бишкек-Нарын авиа каттамы ачылганын транспорт жана байланыш министрлиги сүйүнчүлөдү. Алардын маалыматы боюнча, жума күндөрү учуучу бул каттамга SAAB-340  маркасында учак кызмат кылып, 35 адамды Бишкек менен Нарындын ортосуна ташып турмакчы. Албетте, бул ички каттамдын ачылышы борбордон 300 км. алыстыктагы тоолуу, кышкысын жаратылыш шарты катаал облус үчүн чоң мааниге ээ. Шашылыш борборго келүүнү каалагандар, кырсыкка учурап же саламаттыгына байланыштуу транспорттук каттамга мүмкүнчүлүгү жоктор болбой койбойт дегендей. Кошумчалай кетсек, азырынча жаңы ишке кирген бул каттамда бир билеттин баасы 2100 сом экен. Эгер каттам боюнча жүргүнчүлөр арбып, жумасына 2 жолу каттоого жетишилсе, билет баасы да арзандаарын убада кылышууда.

Булак: “Планета”(М.Э)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru