Айбат » «Мейкин Азия» фестивалынын Гран-при байгесин Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген утуп алды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Мейкин Азия» фестивалынын Гран-при байгесин Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген утуп алды

0Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Рух ордо” маданий борборунда үч күндөп, 18-19-20-июлдарда өткөн “Мейкин Азия” популярдуу музыка аткаруучуларынын эл аралык фестивалы ишемби күнү кечинде аягына чыкты. Сынакка  Кыргызстан, Казахстан, Түркия, Саха Якутия, Россия, Татарстан, Куба, Индонезия, Өзбекистан, Армения, Украина, Азербайжан, Тажикистан, Филиппин, Кытай жана Түштүк Корея өлкөлөрүнөн келген популярдуу мызыка аткаруучулары ат салышыты. Уюштуруучулар ишендиргендей бул фестивалды дүйнөнүн 36 өлкөсүнүн телеканалдары түз тартып көрсөтүштү.

Күтүлгөндөй эле  “Мейкин Азия” фестивалынын башкы байгеси – Гран-прини Казакстандан келген жаш ырчы Димаш Кудайберген утуп алды. Анын кайталангыс  үнүн профессионал музыканттар да жана катардагы угуучулар да бирдей жогору баалап кабыл алышты. Ал ырдаганда айлана чымын учса угулчудай жымжырт болуп, бүтөрү менен публика кызуу овация менен колдошту. Бирөөлөр анын үнүн  “Россиянын алтын үнү” Николай Басковго окшоштурушса көпчүлүгү  белгилүү эстрада ырчысы Витаска окшоштуруп жатышты. Уюштуруучулар Гран-при менен кошо акчалай сыйлыгын өздөрү расмий убада кылгандай 10 миң доллар эмес, 7 миң доллар өлчөмүндө тапшырышты.

Биринчи орунду Украинадан келген ырчы Владислав Левицкий жеңип алды. Акчалай сыйлыгын убада кылышкандай 5 миң доллар эмес, 4 миң доллар менен чектешти. Владислав мурун Украинанын атынан бир нече жолу “Евровидение” конкурсуна да катышып келген экен.

Экинчи орунду Ислам Акматов (Кыргызстан), Сабина Шамсэд (Тажикистан) жана Курал Чокоев (Кыргызстан) үчөөлөп бөлүп алышты. Экинчи орунга убада боюнча 3 миң доллар бөлүнгөн болчу. Негедир сыйлык тапшыруу учурунда үчөөсүнө 2 миң доллар берип коюшту.

Үчүнчү орунду Христина Доротенко (Россия), Азим уулу Адилет (Кыргызстан), Ли Чжентао (Кытай), Ани Оганесян (Армения) бөлүп алышып, ар бири 1 миң доллардан акчалай сыйлыкка татышты.

Булардан башка да ондогон ар түрдүү акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар, дипломдор тапшырылды. Ал эми фестивалга мейман катары чакырылган россиялык белгилүү эстрада ырчысы Алена Высотская кыргыздын жаш таланты Нуржигит Субанкуловду өзү менен кошо клипке тартылууга чакырып, 5 миң доллар сыйлык жана Америкага барып-келүү үчүн авиабилетке 1000 доллар жол кире төлөп берди.

Сыйлыктардын баары тапшырылып бүткөндөн кийин уюштуруучулр тарабынан атайын даярдалган майрамдык салюттар асманга атылып, “Мейкин Азия” эл аралык популярдуу мызыка аткаруучуларынын 1- фестивалы жабылды.

 kyrgyzToday.kg

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru