Айбат » 7-апрель окуясы боюнча сотто тараптар ортосунда кайрадан чыр чыкты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » 7-апрель окуясы боюнча сотто тараптар ортосунда кайрадан чыр чыкты

жогорку сотБүгүн, 22-июлда ЖАМКтын Күзөтүү жана коштоо департаментинде 2010-жылдын апрель окуясы боюнча сот иши уланды. Сот залында кайтадан жапа чеккен тарап менен айыпталуучулар ортосунда чыр чыкты.

Чыр адвокат Осунбек Жамансариевдин УКМКнын “Альфа” атайын кызматынын өкүлү Сергей Цигельниковдун баш коргоо чарасын камакка алуу менен өзгөртүү боюнча өтүнүчүнөн кийин чыкты.

“Мен Жамансариевден айырмаланып, этика менен эстетиканы 15 жыл окудум. Менин аскердик намысым маймыл болууга жол бербейт. Эгер менин жакындарыма коркунуч боло турган болсо, мен ар бир кишине каршы тура алам деп айта алам”,-деди айыпталып аткан “Альфа” кызматынын өкүлү.

Бул сөздөрдөн кийин залда отурган жабыр тарткандардын жакындары айыпталуучунун жана соттун дарегине коркутуу сөздөрүн айтып кыйкырып киришти. Сот ишине төрагалык кылган сот 10 мүнөт тыныгуу жарыялап, залдагылардын барын сыртка чыгарды.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227694



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru