Айбат » Инфляциянын базалык деңгээли 10-11%дан 8,5%га чейин төмөндөдү, – Улуттук банк

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Инфляциянын базалык деңгээли 10-11%дан 8,5%га чейин төмөндөдү, – Улуттук банк

infliacia_9 2012-жылы инфляциянын деңгээли 7,5%ды түздү. Азыркы маалда инфляциянын базалык деңгээли 10-11%дан 8,5%га чейин төмөндөдү. Жыл жыйынтыгында, эгерде күтүүсүз кырдаал түзүлбөсө, инфляциянын деңгээли 7-8% болушу болжонууда. Бул тууралуу Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоева жапониялык «The Japan Times» гезитинин 18-июлда чыккан санында берген маегинде билдирди.

«СССРдин курамындагы өлкөлөр арасында Кыргызстан биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасы – сомду киргизген. Бул чечим эң туура болгонун жана өз маалында жасалганын убакыт тастыктады. Анткени, республикада эркин акча-кредиттик саясат жүргүзүлгөндүктөн, инфляцияны салыштырмалуу төмөндөтүүгө жана туруктуу финансылык абалды түзүү аркылуу экономикадагы өсүүнү камсыз кылуу менен жалпы банк системасына ишеничти артырууга аракеттер жасалууда», – дейт ал.

Анын айтымында, улуттук банк 2012-жылы акча-насыялык саясатындагы куралдарын кеңейтип, банк системасында өтүмдүүлүктү арттыруу максатында кайра карыжылоо үчүн насыялык аукциондорду уюшура баштады.

«Борбордук банк экономикалык процесстерге реалдуу ой жүгүртөт, анткени, рынокко банктар бизнестен кийин гана келет. Мындан улам, биздин рынокто япон банктарынын ачылышы үчүн япон бизнеси, капиталы келип, эки мамлекеттин ортосунда соода-сатык, товар айлантуунун көлөмү көбөйүшү зарыл. Бул багытта иштөө келечектүү», – деп белгилейт З.Асанкожоева.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru