Айбат » Чычканда депутат Нарматованын машинасы жол кырсыгына кабылып анын баласы каза болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Чычканда депутат Нарматованын машинасы жол кырсыгына кабылып анын баласы каза болду

Чычкан

Кечээ, 21-июлда саат 13:00лер чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда “Арал” постунда “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматованын машинасы катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “ВБ”га өкмөттөгү жеке булак билдирди.

“Чычкан ашуусунан “Тойота-Камри” (мамлекеттик номери 0032 KG) түштүк борбор тараптан келе жатып “Вольво” (мамлекеттик номери S 1012 AL) жүк ташуучу машина менен кагышкан.

Анан кесепетинен “Тойотанын” айдоочусу Мээримбек Нурдинов (1984-жылы туулган) жана жүргүнчү Медербек Шакиев (1959-жылы туулган) каза болгон.

Токтогул райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Кызбурак Гаипкулова, Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну 1990-жылы туулган Мээрим Токторбекова жана Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1995-жылы туулган Дильяна Жунусова жеткирилген.

Жол кырсыгынан депутат Надира Нарматованын баласы каза болгон.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227682



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru