Айбат » Кадамжай сурма комбинаты 5 ай ичинде 501,7 тонна сурма өндүргөн

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кадамжай сурма комбинаты 5 ай ичинде 501,7 тонна сурма өндүргөн

кадамжай сурьма

Кадамжай сурма комбинаты 2013-жылдын 5 ай ичинде 501,7 тонна же 265 млн 305 миң сомдук сурма жана сурма кошулмаларын өндүрүүгө жетишкен. Бүгүнкү күндө 1 тонна сурманын баасы дүйнөлүк рынокто 8 миң 700 АКШ долларын түзүүдө.

Сурма комбинаты 2012-жылдын жыйынтыгы менен 924,8 тонна тонна (540 млн 700 миң сомдук) сурма өндүрүп, планга каралган көлөмгө 275 тоннага гана жетпей калган. Сурма комбинаттын жетекчилигинин билдирүүсүндө, мындай абалдын негизги себеби сырьенун сырт жактардан ташылып келүүсү .

Эскерте кетсек, 75 жылдан бери иштеп келе жаткан Кадамжай сурма комбинаты Союз убагында дүйнөдө алдыңкы орундагы комбинаттардын катарында турган. Кадамжайдын сурмасы 1967-жылы Лондондогу Эл аралык биржа тарабынан “дүйнөлүк эталон” катары таанылган болчу. Бүгүнкү күндө комбинатты казакстандык инвесторлор иштетип келет.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227692



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru