Айбат » Өмүрбек Текебаев: Кийинки шайлоодо жаңы технологияларды колдонууга жол берүүчү мыйзам базасы иштелип чыгат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өмүрбек Текебаев: Кийинки шайлоодо жаңы технологияларды колдонууга жол берүүчү мыйзам базасы иштелип чыгат

рherrrrrrrrrrrrrrrrrrr«Ата Мекен» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн, 19-июлда шайлоолордо шайлоочуларды, добуш берүүнү жана добуштарды саноону каттоо жана идентификациялоо процессин камсыздоочу жабдуулар менен маалыматтык системанын бет ачарын жасаган компания өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ө.Текебаев, шайлоо процессинин баардык механизмдеринин ачыктыгы менен айкындыгын камсыздоо зарылдыгын белгиледи. «Мындай максатка жетүү үчүн бүгүнтөн тартып эски технологиялардан кетүү керек жана шайлоо процессинин ачыктыгын, анын ичинде шайлоочунун идентификациясы, айкындык, добуштарды саноо процессине көзөмөл боюнча оптималдуу системаны тандап, заманбап технологияларга өтүү зарыл»,- дейт депутат.

Фракция лидери бул үчүн кийинки шайлоолордо жаңы технологияларды колдонууга жол берүүчү мыйзам базасы иштелип чыгаарын кошумчалады.

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru