Айбат » 1-августка чейин “Каприз – Каракол” мейманканасынын мамлекеттик үлүшүн сатуу токтобосо, жергиликтүү тургундар митингге чыгышат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » 1-августка чейин “Каприз – Каракол” мейманканасынын мамлекеттик үлүшүн сатуу токтобосо, жергиликтүү тургундар митингге чыгышат

каприз караколЭгер 1-августка чейин Ысык-Көл облусундагы “СК Ресурс” жана “Каприз – Каракол” ЖЧКларынын 70 пайыз мамлекеттик үлүшүн сатуу аракеттери токтобосо Жолголот айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда аталган айылдын жашоочулары билдиришти. Алар бул мекемелерди башкаруу органына айыл тургундарын кошууну талап кылышууда. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Алмаз Иманалиев билдиргендей, бул мейманкана өзүн актай албай жаткандыгы тууралуу маалыматтар жалган. “Биз жергиликтүү жашоочулар бул жай кандай пайда таап жатканын көрүп жатабыз. 3 аптадан бери президентке, спикерге, премьер-министрге кайрылып жатабыз. Бирок алар тараптан эч кандай жооп боло элек”,- деди ал. Эске сала кетсек, облус башчысы Эмил Каптагаев эгерде мейманкана сатылып кете турган болсо, иштен кетерин билдирген.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru