Айбат » Мавлян АСКАРБЕКОВ, жаш саясатчы: «Адахан Мадумаров да, Акматбек Келдибеков да мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөп жаткан жок»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Мавлян АСКАРБЕКОВ, жаш саясатчы: «Адахан Мадумаров да, Акматбек Келдибеков да мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөп жаткан жок»

 111111111
Учурда «Акыйкат», «Чындык», «Ата-Журт», «Улуттар биримдиги» партиялары биригип, жаңы кыймыл түзгөнү жатышканы тууралуу коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов маалымдады. Бул партиялардын биригиши канчалык реалдуу? Бириккен күндө да келечеги кандай болот?

– Биринчиден, алардын биригиши толук мүмкүн. Канчалык деңгээлде бириге алышарын убакыт өзү көргөзөт. Ал эми башка жагдайын айта турган болсок, «Ата-Журт» партиясынын ич ара чачырап жатышканын жакшы эле көрүп жатабыз. Ал эми «Акыйкат» партиясынан болсо бир гана Аликбек Жекшенкуловду тааныйбыз. Башкача айтканда аны партия катары эмес, Аликбек Жекшенкулов катары гана тааныйбыз.
- «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров«Ата-Журт» партиясы менен биригүүлөрү мүмкүн экендигин билдирди. Булардын мындай кадамга барышы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат деп эсептейсизби же башка максаттары барбы?
– Ачыгын айтканда саясатчылардын кимисинин кандай деңгээлде экендигин 20 жылдан ашуун убакыттан бери жакшы эле билип калдык. Бул жерде Мадумаров дагы, Келдибеков дагы кандайдыр бир биригүүлөргө мамлекеттин же элдин кызыкчылыгын көздөп барып жатышкан жок. Эгерде эл үчүн кызмат кылгылары келсе, 22 жылдан бери мамлекетти оңоо үчүн кандайдыр бир салымдарын кошмок. Тилекке каршы, бул адамдар мамлекетти оңдоо үчүн салымдарын кошо албады. Алар болгону бьийликке жетүү үчүн же топтоп алган байлыктарын коргоо үчүн гана биригүүлөргө барышы мүмкүн.

интернет  булактарынан

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru