Айбат » Бүгүн, 23-июлда Жогорку Соттун алдында журналисттер флеш-моб өткөрүшөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бүгүн, 23-июлда Жогорку Соттун алдында журналисттер флеш-моб өткөрүшөт

флешмобБүгүн, 23-июлда Жогорку Соттун имаратынын алдында тилектештикти чагылдыруу максатында журналисттер флеш-моб өткөрүшөт. Иш-чарага митинг, пикеттерде кызматтык милдетин аткарып жүрүп жабыркаган журналисттер катышат жана алар айрылган футболка кийип турушмакчы. Айта кетсек, 16-июлда Жогорку Сотто “ата журтчу” 3 депутаттын иши каралган. Сот отуруму башталарда сот имаратынын алдына чогулган депутаттардын тарапташтары ызы-чуу чыгарышып, окуяны видеокамерага тартып жаткан журналистке аялдардын бири асылып, анын футболкасын айрып салган эле. Бүгүн журналисттердин айрык футболкачан акция өткөрүшү ошол окуяга байланыштуу. Ошондой эле бүгүн, 23-июлда Жогорку Сотто депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги отурум болот.

Автор: Автандил Добулбеков


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru