Айбат » Москвада кыргыз жаранынан 100 миң рубль талап кылган А.Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Москвада кыргыз жаранынан 100 миң рубль талап кылган А.Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалышты

кремльҮстүбүздөгү жылы 18-июлда КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Орусиянын Москва шаарынын кылмыш издөө башкармалыгы жана КМШнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросу менен биргеликте ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө криматалык Алманбет Анапияевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 7 мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси милициянын полковниги Рафик Мамбеталиев АКИpress маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар Москва шаарында кыргыз жарандарына карата зордук-зомбулук көрсөтүп, аларды талап-тоноп, коркутуу жолу менен акча талап кылып жүрүшкөн. «Акыркы учур 26 жаштагы кыргыз жаранын кармап, токойго алып барышып, ур-токмокко алып, автоунаасын тартып алышкан. Кийин 100 миң рубль акча таап коесуң деп талап кылышып, өдзөрү белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Бул иш боюнча ыкчам чаралардын негизинде, 7 адам кармалган», – дейт полковник.

Ал билдиргендей, кармалган жетөө тең Жалал-Абад облусунун тургундары, А.Анапияевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү. «Көрсөтүлгөн адамдар, азыркы тапта Москва шаарынын Можайский РИИБде кармалып турушат. Алардын төртөөнө Москвада кылмыш иши козголду, ал эми үчөөнү Кыргызстанга департациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», – деп кошумчалады ал.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru