Айбат » Ырчы А.Бакытбеков Юрмаладагы «Жаңы толкун» сынагынын башкы байгесине ат салышууну баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Ырчы А.Бакытбеков Юрмаладагы «Жаңы толкун» сынагынын башкы байгесине ат салышууну баштады

Айбек Бакытбеков

Юрмала, Латвияда бүгүн, 23-июлда жаш ырчылардын 12 – эл аралык «Жаңы толкун 2013» конкурсу башталды. Конкурска Кыргызстан Айбек Бакытбековду жиберди.

Катышуучулар сынактын башталышына чейин эле өзүлөрүнүн профессионалдуу жетекчилиги менен Юрмалага кетишти. Жаш аткаруучулар өзүлөрүнүн ырларын даярдап, кайталашты.

Фестиваль 28-июлга чейин болот. ММКдын билдирүүсү боюнча, үч күндүк конкурстун биринчи күнүндө жаш ырчылар дүйнөлүк ыр аткармакчы. Ал эми экинчи күнүндө өзүнүн өлкөсүнүн ырын, үчүнчү күндө атайын жазылган ыр сунуш кылышат.

Конкурстун жыйынтыгында башкы байге – үч «Хрусталдык толкун» жана акчалай сыйлык, мындан тышкары көрүүчүлөрдүн ажарына ээ болгон «Алтын толкун» сыйлыгы берилмекчи.

Булак : АКИpress


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru