Айбат » Каракол-Балыкчы унаа жолунда айдоочу рулду башкара албай теректи сүзгөн, жыйынтыгында 14 адам каза болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кырдаал » Каракол-Балыкчы унаа жолунда айдоочу рулду башкара албай теректи сүзгөн, жыйынтыгында 14 адам каза болду

1Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 23-июл күнү саат 16:30дар чамасында Каракол-Балыкчы унаа жолунун 17-чакырымында (Кытай айылы) Каракол-Кабак-Богатыровка маршруту менен жүргөн «Мерседес-Бенц-Бус» (мамлекеттик номуру S 82-86 U) унаасынын айдоочусу Жаныбек Асанов рулду башкара албай калып, жолдун четиндеги теректи сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматтар боюнча жол кырсыгынын кесепетинен 13 адам (10 адам жол кырсыгы болгон жерде, 3 адам ооруканада) каза болуп, 9 адам жабыркаган.

Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин Каракол шаарындагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, каза болгондордун сөөктөрүн унаанын ичинен чыгарып беришкен.

Каза болгондор жана жабыркагандар Каракол шаардык ооруканасына жеткирилген.

Каза болгондор:

1.Асанов Ж.Ж. 1970-ж. Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну, унаанын айдоочусу;

2. Мусаев Э.М. 1952-ж. Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;

3. Калканова К.Ж. 1975-ж. Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;

4.Байдылдаева А.О. 1991-ж. Ак-Суу районунун Кереги-Таш айылынын тургуну;

5. Нурбек уулу Эрлан. 1997-ж. Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;

6. Байсеркеев У.Д. 1980-ж. Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;

7. Асантаева Н.К. 1970-ж. Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;

8. Тургунбекова Н.А. 1975-ж. Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;

9. Жумалиев А.А. 1998-ж. Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;

10. Поляков В.А. 1953-ж. Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;

11. Султангазиева Ч.С. 1971-ж. Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылынын тургуну;

12. Мукамбетова К.Б. 1976-ж. Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;

13. 40-45 жаштагы азиат улутундагы эркек адам.

Жабыркагандар:

1. Касенов А.Б. 1980-ж. Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;

2. Жумалиев Н.К. 1998-ж. Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;

3. Мамытов С.Ж. 1998-ж. Ош облусунун Алай районунун тургуну;

4. Супатаева А.К. 1982-ж.Тоң районунун Ак-Сай айылынын тургуну;

5. Касымбеков К.К. 1992-ж. Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;

6. Асаналиев Ч.К. 1989-ж. Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну;

7. Шаршеева Н. 1968-ж. Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;

8. Акылбекова Г.2008-ж. Н. Шаршееванын кызы;

9. Абдырахманова Н. 1990-ж. Жашаган жери такталууда.

acc0ebe67e43e3884541f68cdbd62e23_500_0_0

06878adf4b9429617988046159b15399_500_0_0

863abb82a6a3a2c9294ef13de5d10059_500_0_0



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru