Айбат » Эсеп палатасы көз карандысыз орган деп айтууга болбойт, – Эсеп палатасынын төрайымы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Эсеп палатасы көз карандысыз орган деп айтууга болбойт, – Эсеп палатасынын төрайымы

Эсептөө палатасы

Кыргызстандын Эсеп палатасы менен Орусиянын Эсеп палатасынын ортосундагы өз ара мамиленин 2007-жылдан берки бай тарыхы бар. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда «Ала-Арча» мамалекеттик резиденциясында өтүп жаткан КР Эсеп палатасы менен Орусиянын Эсеп палатасынын биргелешкен жыйынында КРЭП төрайымы Элмира Ибраимова билдирди.

«Өткөн жылдарда биз тараптан биргелешкен бир нече текшерүүлөр Кыргыз-орус славян университетине, Канттагы орусиялык авиабазага жүргүзүлдү. Биз бири-бирибиздин иштөө методикаларыбызды өздөштүрдүк. Бул жылы биздин Эсеп палатанын ишмердигин Орусиянын Эсеп палатасынын аудиторлору тарабынан алгачкы жолу текшерүүлөр болду. Бул текшерүүлөр Эсеп палатасын өнүктүрүүдөгү көйгөйдүү маселелерди аныктады, биздин иштин күчтүү жана алсыз жактары көрсөтүлдү, бул маселелерди чечүү боюнча коллегаларыбыз тараптан сунуштар берилди», – деди Э.Ибраимова.

Ал кошумчалагандай, көйгөйлүү маселелер болуп, айрыкча, «Биз мыйзам чыгаруу демилгесине ээ эмеспиз жана тийиштүү органдардын уруксатысыз, Эсеп палатасы жөнүндө мыйзамга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелей албайбыз. Бүгүн, Эсеп палатасынын уюштуруучулук жана финансылык көз карандысыздыгы толук көлөмдө камсыздалбай жатат. Финансы министрлигине көз карандылык бар. Ошондуктан, Эсеп палатасы көз карандысыз орган деп айтууга болбойт», – деп билдирди Э.Ибраимова



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru