Айбат » Таласта жыл башынан бери 214 млн 967 миң сом жеңилдетилген насыялар берилди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Таласта жыл башынан бери 214 млн 967 миң сом жеңилдетилген насыялар берилди

Талас

Талас облусунда 1 миң 199 дыйкан жана фермерлерге ушул жылдын 22-июлуна карата жалпы суммасы 214 млн 967 миң сомдук үстөгү 10%дык жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, аталган насыялар өкмөттүн ушул жылдын 12-январындагы «Айыл чарбасын каржылоо долбоору жөнүндө» токтомунун негизинде берилүүдө.

Облустагы өкүлчүлүктүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек Медетбековдун билдирүүсүндө, берилген насыялардын 24 млн 770 миң сому талаачылыкты, 190 млн 197 миң сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталды.

«Таласта жеңилдетилген насыяларды берүү «Айыл Банк», «РСК Банк», «Залкар Банк» акционердик коомдорунун Таластагы филиалдары тарабынан ишке ашырылып жатат. Мисалга, «Айылбанк» аркылуу 125 млн 427 миң сомдук насыялар берилсе, «РСК Банк» аркылуу 58 млн 160 миң, «Залкарбанк» аркылуу 12 млн 720 миң сомдук, «Кыргызстан» коммерциялык банкы аркылуу 18 млн 660 миң сомдук насыялар берилген», – деп билдирди ал.

Ал кошумчалагандай, жалпысынан жеңилдетилген насыяларды алууга облус боюнча 2 миң 181 дыйкан жана фермерлер арыз жазышкан. Ал эми өкмөт тарабынан Таласка бөлүнгөн насыялардын жылдык каржылоо суммасы 280 млн 692 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө таластык дыйкандар өкмөт бөлгөн насыялардын 76,6%ын алышты.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru