Айбат » Чек ара кызматы өзбекстандык тарапты, жаңжалды иликтөө аяктаганга чейин далилсиз айыптоолорду айтуудан карманууга чакырды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кырдаал » Чек ара кызматы өзбекстандык тарапты, жаңжалды иликтөө аяктаганга чейин далилсиз айыптоолорду айтуудан карманууга чакырды

чекарачы

Кечээ, 23-июлда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчиси полковник Абдикарим Алимбаев Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитетинин аймактык «Восток» башкармалыгынын жетекчиси подполковник Ойбек Косимов менен жолугушту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, тараптар чек арада болгон жаңжал боюнча версиялар менен алмашышты, жана Тараптардын аскердик прокуратурасы тарабынан чек ара жаңжалынынын себебин жана шарттарын иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты.

Полковник А.Алимбаев, өзбекстандык чек арачылар кыргыз чек арачыларына карата биринчилерден болуп курал колдонушканын баса белгиледи.

КР МЧК өзбекстандык тарапты, жаңжалды иликтөө аяктаганга чейин далилсиз айыптоолорду айтуудан карманууга чакырды.

Эске салсак, кечээ, 23-июлда саат 10:25те Жалал-Абад чек ара кошуунунун чөлкөмүндөгү Аксы районунун Жетизагара аймагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачылары ортосунда куралдуу атышуулар болуп, жыйынтыгында өзбекстандык чек арачылардын бирөөсү өлүп, экинчиси жарадар болгон. Кыргыз тараптан жаракат алгандар жок.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru