Айбат » Таласта 3 жыл аралыгында 107 даана МТЗ жана УТО үлгүсүндөгү тракторлор берилген

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Таласта 3 жыл аралыгында 107 даана МТЗ жана УТО үлгүсүндөгү тракторлор берилген

трактор МТЗ

Талас облусунда 2011-жылдан ушул жылдын 1-июлуна чейин 107 даана МТЗ жана УТО үлгүсүндөгү тракторлор «Айыл Банк» акционердик коому аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилген. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөзь кызматы билдирди.

Облустук өкүлчүлүктүн агрардык секторунун башкы адиси Туратбек Назаралиевдин айтымында, анын ичинен 7 даана МТЗ үлгүсүндөгү тракторлор «Автомаш-радиатор» ЖЧК аркылуу нак акча каражатына алынган.

«2012-жылдын апрель айында өкмөттүн Таластагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги «Автомаш-радиатор» ЖЧК менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүнүн негизинде Талас шаарында МТЗ үлгүсүндөгү тракторлорду жана Гомель айыл чарба техникаларын сатуу боюнча филиалын ачууга жетиштик. Бүгүнкү күндө жогорудагы техникалар филиал аркылуу дыйкандарга сатылууда. Ошол техникаларга оригиналдуу запастык тетиктерди сатуу боюнча соода түйүнүн Талас шаарында ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта соода түйүнү ачылганы турат», – дейт Т.Назаралиев.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru