Айбат » Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод 31-августта ишке кирет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод 31-августта ишке кирет

НПЗ Кара-Балта

Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод 31-августта ишке кирет. Бул тууралуу 23-июлда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, учурда аны ишке берүүгө болгон даярдык толук кандуу жүрүп жатат.

“Завод ишке берилсе жылына 800 тонна мунай кайра иштетилип чыгат. Андан тышкары кийинки жылы Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводду дагы ишке берүүнү пландап жатабыз. Учурда бардык негизги жумуштар аяктап калды. Завод алгач 450 миң тонна мунай продукцияларын чыгарат деп пландап жатабыз. Ал толук кандуу ишке кире баштаганда жылына 500-600 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деди ал.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru