Айбат » Өмүрбек Текебаев Талас облусунда шайлоочулар менен жолугушту

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өмүрбек Текебаев Талас облусунда шайлоочулар менен жолугушту

Текебаев

“Ата-Мекен” депутаттык фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Талас областынын Кара-Буура жана Манас райондорунун жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда шайлоочулар айыл-чарба маселелерин козгошуп, өндүрүлгөн продукцияны сатуу жагдайына басым жасашты. Мындан сырткары чек араны тактоо, калкты суу менен камсыз кылуу сыяктуу көйгөйлөр жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин мазмунун түздү.

Талас областына болгон иш сапары учурунда Текебаев “Ата-Мекен” партиясынын конференциясына катышып, партиянын мүчөлөрүнө жаңы үлгүдөгү партбилеттерди тапшырды.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru