Айбат » Бишкекте дары-дармектин кымбатына каршы акция өтүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкекте дары-дармектин кымбатына каршы акция өтүүдө

aptekaУшул тапта Бишкекте дары-дармектердин баасын арзандатууну талап кылган нааразылык акциясы өтүп жатат.

«Партнердук түйүн» ассоциациясынын жетекчиси Айбар Султангазиевдин айтымында, бүгүнкү акцияда дары-дармекке байланыштуу патент мыйзамдарын жеңилдетүү, дарылардын баасын арзандатуу талабы айтылууда. Акциянын катышуучулары алгач «Кыргызпатенттин» имаратынын алдына чыгып, учурда Саламаттыкты сактоо министрлигине карай жөнөштү.

«Министрлик фармкомпаниялар менен сүйлөшүп, бааларды түшүрсүн жана баа саясатын көзөмөлгө алсын. Вирустук гепатит, онкология, ВИЧ, кургак учук ооруларын дарылоо үчүн керектелчү дарылардын баасы өтө эле кымбат. Айрым дарыларды алып келүүгө бир гана компанияга уруксат берилип, баасы кымбат болууда», – дейт А.Султангазиев.

Булак : «Азаттык» радиосу

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru