Айбат » Республиканын аймактарынан келген кыздарга жумуш таап берем деп алдап, зордуктап жүргөн адам кармалды (фото)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Республиканын аймактарынан келген кыздарга жумуш таап берем деп алдап, зордуктап жүргөн адам кармалды (фото)

2121

Ысык-Көл облусунун 23 жаштагы тургуну К.Ж.нын сиңдисине бир бейтааныш адам 15 миң сомго Бишкектин «Дордой» базарынан контейнерге сатуучу кылып орноштуруу сөзүн берип, кызды Каражыгач багына алып барып, ал жактан сабап, тоноп, зордуктап кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул боюнча ыкчам аракеттердин негизинде, Свердлов РИИБнин кылмыш издөө кызматкерлери, жумуш берүүчү түрүн көрсөтүп, борборго ар кайсы региондордон келген кыздарды Каражыгач багына алып барып, сабап, зордуктап, аларды тоноп жүргөн Ош облусунун тургуну 29 жаштагы П.Умидбекти кармашкан.

Аталган факты боюнча Свердлов РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) жана 167-беренси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушундай эле арыз менен Ысык-Көл облусунун тургуну 19 жаштагы Т.А. аттуу кыз кайрылган.

Ош облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө Свердлов РИИБнин опер кызматкерлери тарабынан Ош облусунун жашоочусу 29 жаштагы П.Умидбек кармалып, Бишкек шаарына алынып келинген. Бул жактан көздөштүрүүдө аны эки жабырлануучу тең таанып, ошол экенин тастыкташты. Зордуктоого жана талап-тоноого шектелүүчү адам көрсөтмөлөрдү моюнга алды.

Свердлов РИИБнин кызматкерлери, кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштары дагы болушу мүмкүн экендигин айтышууда.

Аталган адамдан жабыр тарткандар болсо Свердлов РИИБге же 0555 04-29-13; 0552 10-29-17; (0312) 43-28-15 (нөөмөт бөлүмү) телефон номурларына же «102» кызматына билдирип коюуну өтүнөт




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru