Айбат » Ч.Турсунбеков: Эгерде эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери чек арадагы жаңжал боюнча консенсуска келишпесе, бул маселени депутаттар талкуулайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ч.Турсунбеков: Эгерде эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери чек арадагы жаңжал боюнча консенсуска келишпесе, бул маселени депутаттар талкуулайт

i10029916_9b012adac039e8b3fd08a0a63e756404Эгерде эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери чек арадагы жаңжал боюнча консенсуска келишпесе, бул маселени депутаттар талкуулайт. Тирешүү өзүнүн апогейине жетпеши керек, – деп билдирди Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжал боюнча комментарий берип жатып.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара маселесин тезирээк чечип, эки өлкөнүн чек арачылары бизнес менен алектенбегендей кылып чечүү керек.

Аталган инцидент боюнча Жогорку Кеңеш өзүнүн жыйынында талкуулайбы деген суроого, ал: «Тирешүү өзүнүн апогейине чейин жетпеши керек, аны өз жеринде чечүү керек. Кээ бир жогору жактагылардын билдирүүлөрү нааразычылыктарды жаратышы мүмкүн. Эгерде эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери чек арадагы жаңжал боюнча консенсуска келишпесе, бул маселени депутаттар талкуулайт», – деди.

Эскерте кетсек, азыркы убакта жаңжал болуп өткөн жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүүдө.

Булак : АКИpress


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru