Айбат » Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби өз ишин баштады.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби өз ишин баштады.

2121

Бүгүн 24-июлда Бишкек шаарында медиа-инновациялар лагери өз ишин баштайт (Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби), анын алкагында Кыргыз Республикасындагы тандалып алынган басма сөз ЖМКсынын жана онлайн-басылмаларынын 19 журналисти маалыматты даярдоонун жана жайылтуунун жаңы ыкмаларына, Интернеттеги контентти илгерилетүүгө, медиа-менеджменттин техникаларына, ошондой эле полиэтникалык аудитория үчүн обьективдүү макалаларды жазганга үйрөнүшөт.

Бул тууралуу аталган окуу-семинарына катышып жаткан «Жумгал KG» маалымат булагынын өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка карасак, Россиядан, Украинадан, Казакстандан жана Кыргызстандан келген эл аралык медиа-эксперттер алты күндүн ичинде катышуучуларга мультимедиялык жарыялоолор үчүн сценарий түзүүгө, он-лайн чөйрөдө тексттер менен иштегенге, чөнтөк телефондун жардамы менен санариптик фото жана видеосьемка жүргүзүүгө, мобилдик тиркемелер менен иштегенге, инфографика түзгөнгө, гезиттин веб-сайтын иштеткенге үйрөтүшөт.

Атайын секцияда болсо, чет элдик он-лайн басылмалардын кесин үйрөнүүгө көңүл бурулуп жана мультимедиянын жардамы аркылуу басылма ЖМК лар кантип акча таба алаары боюнча идеялар ортого салынат. Тренингдер интерактивдүү форматта, теория менен практиканын айкашында өткөрүлөт.

«Дүйнө жүзү барган сайын мультимедиялык, жаңылыктар болсо ыкчам болуп баратат, бирок КР басылма ЖМКлардын жарымынан көбү өзүнүн он-лайн кантентине ээ эмес, бүгүнкү күндүн агымы менен бирге кадам таштабай эле – дейт журналисттер үчүн тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар Мектебинин директору Инга Сикорская. – Биз кыргызстандык ЖМКларга өндүрүштүн жаңы деңгээлине чыгуусун каалайбыз, жаңы контент чыгарууга, медиалык рынокто теңтайлаша ала турган, аудиторияга сапаттуу жаңылыктарды бере турган мүмкүнчүлүк түзүп бергенге жардам кылгыбыз келет» — деп белгилейт ал.

Алган билимдерди толук кандуу ишке ашыруу үчүн медиа-инновациялардын Лагеринин акыркы күнү «Идеялар парады» сынагы ойнотулуп, анда техникалык көмөктөн жардам берилет.

Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан жети мыкты долбоор тандалып алынат. Жеңүүчү ЖМКларга мультимедиялык контентти өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар сатылып берилет.

Долбоор “Арачылардын  Элдештирүүчү Тармагы” Коомдук фондунун, Сорос-Кыргызстан Фондунун жана АКШгы Демократияны илгерилетүү улуттук институтунун (NED) “ЖМКды колдоо” программасынын каржылоосунун алкагында ишке ашырылат.

Эске салсак, “Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы” коомдук фондунун Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technologies) 2010-жылдын июнунда, жаңжалдан кийинки мезгилде жергиликтүү журналисттик коомдоштукту окутуу жана анын дараметин куруу үчүн  түзүлгөн.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru