Айбат » “Жетим-Тоону” жетим таштайбызбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Жетим-Тоону” жетим таштайбызбы?

жетим тооЖер керемети Каркыра менен Үзөнгү-Кууштун сатылышы, ага нааразы болгон элдин толкуну эки бийликти тең аңтарып түшкөнү азыркы бийликке сабак болдубу? Мына ушул суроо өлкө аймактарында да өтө курч. Себеби, тарых катасы кайталанбоого тийиш. Бир маселе: Көрсө, биз алакандай жерибиздеги кен-байлыктарды иштетүүдө, инвесторлорду тартууда да жыргатып иш кылбаптырбыз. А.Акаев “Кумтөрдү” өз колу менен канадалыктарга сатып жиберсе, К.Бакиевдин учурунда темирдин кору боюнча КМШ мамлекеттеринин ичинде алдыңкы орунда турган Нарын облусунун аймагындагы “Жетим-Тоо”кенин Кытайларга ак көңүлдүк кылып кармата салышкан эле. Маалыматтарга караганда, алар мамлекеттик акт да алышкан эмес. Кыжылдаган кытайлардын жайына койсок, булар “Жетим-Тоону”жер түбү менен көчүрүп кеткиси бар. Нарындыктардын койгон талаптарынын бири “аталган кенге лицензия бербөө сунушу болгон. Тилекке каршы, сунуш узакка созулгандан кийин, Теңир-Тоолуктар катуу толкуган. Кийин “Жетим-Тоо” темир кенин иштетүүгө жана чалгындоого берилген “Мэйлин Ресурс” жана “Арт Майнинг” ЖЧКларынан лицензиялар кайтарылгандыгы белгилүү болгон. 7-апрель революциясы учурунда Убактылуу Өкмөт, кийинки мыйзамдуу өкмөт да “Жетим-Тоо” сатылбайт”-деп убаданы очойто беришкен. Бирок, мамлекеттик геология агенттигинин кайсыл бир жетекчиси кыйтай тараптын акчасын сол чөнтөккө солоп койгонбу(?) айтор, кошуналарга боор тартып,бийликтин башын кошо айлантып жүрдү. Азыркы президент А. Атамбаев, премьер –министр болуп иштеп турганда, жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановго сөгүш жарыялаган эле. Анткени, ал Кытай- Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн “Жетим-Тоо” кытайлык инвесаторлорго берилээрин, бул боюнча токтом чыккандыгын айткан. Ошентсе да өкмөт, элдин каарынан чочулап, “мындай маалымат болгон жок” деп тим болушкан. Ага карабастан кенди казууга белсенишкен кошуналар 10 миң тонна аммонит жардыргыч заттарын алып келишип, көлөмдүү техникаларын жайгаштыра баштаганда, жергиликтүү бийлик, патриот эр-азаматтар барып, алардын ишин токтотушкан. Адистердин айтымына караганда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Жетим-Тоо, Сандык сыяктуу кендерди берүүгө макулдук берүү, жерди соодалап,сатуу менен барабар. Эмнеге дегенде, “Жетим-Тоодогу” темирдин кору миллиардаган тоннадан ашат. Ал эми сапаты өтө мыкты. Мындан улам кытайлык инвесторлор буту үзүлгөнчө чуркап, улам бир жетекчинин эшигин каккылап, мээлерин айлантып жатканы ошондон. Демек, “Жетим-Тоону” чет элдик инвесторлорго бербей эле, кыргыз тарап өзү иштетип алса, мамлекетибизге пайдасы зор болмок. Ага карабастан бүгүнкү күндө да кытайлык инвесторлор кыргыз тарап менен соттошуп, “Жетим-Тоону жең ичинен соодалашып, тымызын алып алууга кызыктар болуп жүрөт. Буга Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал районунун жергиликтүү тургундары катуу нааразы болуп, активист жаштар, кадыр-барктуу аксакалдардан турган топ чакан жолугушуу өткөрүштү. Муну менен катар бийликке бул маселе боюнча ачык катты ММКлар аркылуу жана тикелей да жолдой турган болушту. Эгерде тиешелүү жооп ала албасак, чындап “Жетим-Тоо” кытайлыктардын колуна өтө турган болсо, түп көтөрүлүүгө даяр экендиктерин билдиришүүдө. Негизи бул боюнча сот башталган. Соттук коллегиянын курамында: жетекчиси Л, Д Фахритдинова, судья Г.К Курманова, А.А Алыбаевалар. Албетте, соттор өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы менен айыл элинин аларга да ишеничи аз болууда. “Уккан кулакта жазык жок” дегендей, алар инвесторлордон көп суммадагы, кээ бирлер 30-40 миң долллар пара алып алыптыр деп чыгышты.

(Бул эл оозундагы гана сөздөр)

Турсунбек Абиев, Ат-Башы районунун тургуну:

– “Жетим-Тоону кытайлыктарга бербей эле өзүбүздүн эр азаматтар иштетсин деген талап менен 2-3 жылдан бери чыгып жүрөбүз. Президент А.Атамбаев “Жетим-Тоо»сатылбайт”-деп сөз берген. Эми ал киши ошол сөзүнө турушу керек. Учурда геология министрлиги лицензияларды кайтаруу боюнча кытайлык инвесторлорду сотко бергенин уктук. Эгер, оюн кылбай, позицияларын сактаса жакшы. Сатылып кетишпестир деп турабыз. Бирок, чет элдик инвесторлор сотторго акча таштап, оюн көрсөтүп жатышат окшойт.

Анатай Исаков, Ак-Талаа районунун тургуну, аксакал карыя:

– Мен “Аксай”, “Арпа”, “Жетим-Тоо”, “Үзөнгү-Кууш” деген жерлерди жаш кезимде ат менен кыдырып, ошол жерлерде биздин балалык өткөн. “Үзөнгү-Кууш” аркар-кулжанын мекени эле. Мына азыр аралап бара албай калдык деп жатышат. Кытайлар сатып алышты дагы, тосуп коюшту. Эртең “Жетим-Тоо” колдоруна өтсө кайра кайтарып береби (?) бербейт. Мына ушуну түшүнбөй жатышат. “Жетим Тоо” кетти дегениң, жериңдин теңи кетти дегениң. Андан ары Ысык-Көлдү басышат. Ошентип, облустун жер-жерлеринен келген активдүү топ, кыргыз өкмөтүнө бир-эки күндө кат жөнөтөт. Эгер, жооп болбосо “Жетим-Тоону”коргоо комитети түзүлмөкчү. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар сот процессине да көз салып турмай болду. Себеби, ушул тапта “Жетим-Тоо” боюнча сот процеси болуп жатат. 26- июль күнү сот иши уланат. Бул соттук иштен айыл тургундары адилеттүүлүктү күтүшөт. Эгер, соттор адилеттүүлүктөн тайып, кыргыз жеринин келечегине балта чапса анда, аталган аймакта абал курчуй турган кырдаалга жетип калды.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru