Айбат » Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери чек арадагы жаңжал боюнча ар бири өз жоромолдорунда калышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери чек арадагы жаңжал боюнча ар бири өз жоромолдорунда калышты

 граница22222Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин колбашчысы Рустам Эминжанов менен жолугушуу өткөрүп, анда 23-июлда Жалал-Абад чек ара кошуунунун тилкесиндеги Аксы районунун Жетизагара жергесинде болгон чек ара чатагы талкууланды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу чыр-чатак чыккан жердин өзүндө өттү. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун башчылары чек ара чатагынын себебин жана жагдайын талкууга алышып, тараптардын курал колдонуусунун мыйзамдуулугун териштиришти.

Жолугушуунун тыянагы боюнча тараптардын ар бири өз жоромолдорун билдиришти. Ошондой эле чек ара ведомстволордун жетекчилери чек ара чатагын аскердик прокуратуралар тарабынан бир тараптуу иликтөөлөрдү жүргүзүшөөрүн жана анын жыйынтыктары менен алмашууну белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы такталбаган тилкелерде биргеликте кайтаруу жүргүзүүнү буга чейин бекитилген графикке ылайык мурдагыдай эле уланта берүү макулдашылды.

Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери кийин да мындай окуялар кайталанбашы үчүн чек арачылар мамлекеттик чек арада жүрүү эрежелерин сактоосу керектигин баса белгилешти.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru