Айбат » Эксперт: Атамбаев Өзбекстанга бармайын чек ара маселелери жарала берет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эксперт: Атамбаев Өзбекстанга бармайын чек ара маселелери жарала берет

артур медетбеков“Чек арадагы маселелер президент Өзбекстанга расмий бармайынча улана бериши ыктымал”, -деп билдирди “ВБ”га аскер эксперти Артур Медетбеков Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарачыларынын ортосунда болгон жагдайга комментарий берип жатып.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди талкуулаганча мындай жагдайлар улана берет.

“Бул маселе эгемендүүлүктү алгандан бери келе жатат. Анын себеби КРнын аймагындагы төрт өзбек анклавына жана биздин өзбек тараптагы бир эксклавыбызга байланыштуу чыгып жатат. Ал жактагылар бири-бирине тууган, жакын болуп өз ара катышып жатат, бирок ошол эле маалда айрым учурда чек ара тартибин бузушууда. Ошондой эле кыргыз аскерлери чек ара тилкесинде тез кызматка турган эмес, ал эми өзбек тарап бир эле участогунда төрт-беш застава коюшкан”,- дейт Медетбеков.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227838



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru