Айбат » Бишкекте эл аралык медиа-эксперттер онлайн-басылмаларынын өкүлдөрүнө тренинг өткөрүшүүдө (видео)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкекте эл аралык медиа-эксперттер онлайн-басылмаларынын өкүлдөрүнө тренинг өткөрүшүүдө (видео)

IMG_6093Бишкек шаарында медиа-инновациялар лагери (Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби) 24-июлдан бери аймактардан келген ЖМКсынын жана онлайн-басылмаларынын өкүлдөрүнүн арасынан 19 журналисти маалыматты даярдоонун жана жайылтуунун жаңы ыкмаларына, Интернеттеги контентти илгерилетүүгө, медиа-менеджменттин техникаларына, ошондой эле полиэтникалык аудитория үчүн объективдүү макалаларды жазганга үйрөнүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Мирбек Асаналиев билдирди.

Орусиядан келген эл аралык медиа-эксперт Оксана Силантьева 2 күндөн бери катышуучуларга мультимедиялык жарыялоолор үчүн сценарий түзүүгө, он-лайн чөйрөдө тексттер менен иштегенге, чөнтөк телефондун жардамы менен санариптик фото жана видеосьемка жүргүзүүгө, мобилдик тиркемелер менен иштегенге, инфографика түзгөнгө, гезиттин веб-сайтын иштеткенди үйрөтүүдө.

Тренингдер интерактивдүү форматта, теория менен практиканын айкашында өткөрүлүп жатат. Алган билимдерди толук кандуу ишке ашыруу үчүн медиа-инновациялардын Лагеринин акыркы күнү «Идеялар парады» сынагы ойнотулуп, анда техникалык көмөктөн жардам берилет. Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан жети мыкты долбоор тандалып алынат. Жеңүүчү ЖМКларга мультимедиялык контентти өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар сатылып берилет.

Эске сала кетсек, Долбоор «Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы» коомдук фондунун, Сорос-Кыргызстан фондунун жана АКШгы Демократияны илгерилетүү улуттук институтунун (NED) «ЖМКды колдоо» программасынын каржылоосунун алкагында ишке ашырылат.

Автор: Жумгал KG
http://youtu.be/MbpJJ1tusdg




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru