Айбат » Буудайдын түшүмү өткөн жылдагыдан 30 пайызга жогору болгон

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Буудайдын түшүмү өткөн жылдагыдан 30 пайызга жогору болгон

p-0001_100516Кыргызстанда буудайдын түшүмү өткөн жылдагыдан 30 пайызга жогору болот деп күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда болгон басма сөз жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев маалымдады

Анын айтымында, учурда дан эгиндеринин жыйноонун үчтөн бир бөлүгү аяктап калды. “Буудайдын түшүмү 742 миң тонна көлөмүндө болушу күтүлүп жатат. Бул өткөн жылдагыдан 200 миң тоннага көп. Ыкчам алынган маалыматтарга таянсак, 494,3 миң га жердин 176,1 мин га аянты жыйналды. Бул 35,6 пайызды түзөт жана өткөн жылдагыдан 28,4 пайызга көп. Картошка 4,2 гектар аянтка эгилсе, анын түшүмдүүлүгү гектарына 150 центнерден айланды”,- дейт Узакбаев.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227857



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru