Айбат » Россиянын авиациялык бажысынын өкүлдөрү “Манаска” келишти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Россиянын авиациялык бажысынын өкүлдөрү “Манаска” келишти

аэрапортРоссиянын федералдык бажы кызматынын авиациялык бажычылары тажрыйба алмашуу жана аэропорттун ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында “Манас” аэропортуна келишти. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Шереметьево, Домодедово, Внуково аэропортунун бажычылары “Манас” бажысына КРнын Бажы биримдигине кирүү иш-чарасынын алкагында келишкен.

Конокторго бажы документтерин толтуруу, жүргүнчү агымын көзөмөлдөө жана башка аткарылчу иштер тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Манас” бажысынын башчысы Улан Кимсанов менен федералдык бажы кызматынын өкүлдөрүнүн ортосунда тиешелүү протоколго кол коюлду.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227848



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru