Айбат » Жумгал району боюнча 6 айда 85,5 млн. сом өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгал району боюнча 6 айда 85,5 млн. сом өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн

60207Нарын облусунун Жумгал району 2013-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен райондун экономикасынын  өнүгүүсүн аныктаган баардык тармактарда стабилдүүлүк жана өнүгүү тенденциясы басымдуулукка ээ болду. 2013-жылдын 6 айында  райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жалпысынан 85,5 млн. сом өнөр жай продукциясы өндүрүлүп 2012-жылдын 6 айына салыштырмалуу 163,3 % ашык өндүрүлгөн.

Бул тууралуу маалымат райондун 1 жарым жылдык отчетунда белгилүү болгондугун «Жумгал KG» маалымат булагы кабарлайт.

Өндүрүлгөн өнөр жай продукциянын 93,7 % көмүр өндүргөн ишканаларга таандык болсо, бул аймактан көмүр өндүрүп жаткан ишканалар тарабынан 105860 тн көмүр казылган. Казылып алынган көмүр отуну 2012-жылдын ушул  мезгилине салыштырганда  165,9 % көп  казылган. Райондун аймагындагы 13 көмүр казуучу ишканалардын ичинен «Кара-Кече» МИсы 88,3 % аткарса, калган көмүр казуучу ишканалар өздөрүнө белгиленген  план тапшырмадан  100  % дан  ашык  аткарышкан.

«Нарын  көмүр»,  «Нарк ТОО»,   «Варгас»,  «Акжол көмүр», «Демилге» ишканалары бүгүнкү күндө ар  кандай  себептер  менен  иштебей турушса, «Борбор Азия көмүр»  ишканасы  саясий  абалга  байланыштуу  иштебей  калган. Район  боюнча 2012-жылдын   6 айында  райондун аймагындагы көмүр казуучу ишканалар тарабынан 105860 тонна көмүр казылып алынып, 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 42019 тоннага ашык, же 165,9 %га  көп  казылган.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru