Айбат » Чынгыз Айтматов: мен Бүбүсара рухунун көөнөрбөс, өзгөрбөс, бирок, купуя эстелиги сыяктуумун

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Чынгыз Айтматов: мен Бүбүсара рухунун көөнөрбөс, өзгөрбөс, бирок, купуя эстелиги сыяктуумун

Писатель Чингиз Айтматов

Айдай Чотуева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына:

Бир ирет Алматы шаарына Мухтар Шаханов агайдан интервью алуу үчүн барып калдым. Алмата шаарында «Жалын» аттуу журналдын башкы редактору болуп иштеп аткан экен. Сөздүн соңунда Айтматов экөөнүн мамилеси тууралуу сурасам, колума казак тилиндеги FACЫР АЙРЫFЫНДАГЫ СЫРЛАСУ (кыргызча АСКАДА КАЛГАН АҢЧЫНЫН ЫЙЫ) аттуу китепти колума карматты да:- -Биз үн жазгычты жаныбызга коюп алып бир канча күн-түн олтуруп сырдашканбыз.Бул китепте Бүбүсара экөөнүн улуу махабаты тууралуу да кенен айтып берген. Сен эч кимге айтпа,Мария жеңем Чыкемдин Бүбүсара жөнүндө айткандарын Чыкемдин толук чыгармалар жыйнагына киргиздирбей коюптур», – деди. Аталган китептеги Чыңгыз атабыздын улуу махабаты тууралуу Мухтар агайыбызга айтып берген жандай сыры. (Бул материал FACЫP AЙРЫFЫНДАГЫ СЫРЛАСУ аттуу казак тилиндеги китептен которулду)

Бүбүсара БейшеналиеваАр бир адамдын бешенесине жазылган тагдыры бар. Аалам кандай чексиз болсо, адамдын махабат жолу да ошондой сырдуу ,татаал,чексиз. Ар ким бакытын издөөгө аттанып, өзүнүн өмү жолунда буюрган адамга жолугат. Сезим сересинде эстеликке айланган, көөдөнүңдү тыз эттирген улуу сезим биздин да баштан өткөн. Студент кезде,жаштык чакта ,тойлордо далай кыз менен таанышкан күндөрдү жашырбайм. Эң бир таттуу сөздөрдү тизмелеп, кат жазган, кат алган күндөр баштан өттү. Атыңды кол жоолуктун четине түрдүү жиптер менен кооздоп жазган, сулуулар берген кол жоолуктун бир канчасы сенин да чөнтөгүңө түштү болуш керек…. Гүл башына көпөлөктүн конуп учканы сыяктуу, каш кагым сааттай,баары жанып, өчтү. Ошолордун ичинде каным менен тең айланып, эркимди бийлеп алган бир махабат эсимде калып калды. Биз атайы бири-бирибизди издешип кездешкенибиз жок.Капысынан табыштык…капысынан кездешүү мен үчүн баардык максаттарымдан да бийик жогору эле. Ал-кыргыз өнөрүнүн маңдайына бүткөн атактуу бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева эле… Ушул күнгө чейин түшүмө кирип,элеси көңүлүмдү эликтирип, өткөн күндөргө кыялымда алып барган, 50-жылдардын аягында кездешкен ошол бейне менен кантип жолукканым азыр да көз алдымда. Москвадан окуумду аяктап,чыгармаларым басма сөздөрдө жарыяланып, эл оозуна илинген чагым. Фрунзе шаардык партия комитетинин ошол кездеги биринчи катчысы Турдакун Усубалиев чакырып алып, делегациянын курамы менен Ленинградга бар, деңизчилерге сый-урматыбызды көрсөтүп кайталык деген соң, Бальтика флотунда кызмат өтөп жүргөн кыргыз жигиттерине шефтик кызмат көрсөтөлү деген ой менен аттанып кеттим. Кыргыздын «Чолпон» деген классикалык балети бар эле. Алар да Балтика боюнда сапар чегип, Ленинград балети менен бирге, фильмге түшүп жаткан кези экен. «Чолпон» балетинде башкы ролду орундап жүргөн Бүбүсара Бейшеналиева менен ошол жерден кездештим. Бул тагдырдын жазганы экенине кийин ынандым. Жанымда эки-үч матрос бар моторлуу кайык менен «Аврора» крейсерине жакындап келгенимде ,биздин делегация палубада туруптур. Алардын арасында апапак жүздүү, кубанычтан жүзүндө гүл жайнаган,сымбаттуу Бүбүсара да бар экен.Мурун бири- бирибизди сырттан билгенибиз менен,анча тааныш эмес элек. Бүбүсаранын чачын деңиздин эрке жели эркелете тарап,бизге кол булгалады.Ошентип тез сырдашып кеттик.Тил менен айтып жеткире албайм…тил менен айтып жеткизүү мүмкүн эмес….сезимибиз от сыяктуу тутанды десем ишенбессиң. Ушу кезге чейин кездешпей кайда жүрдүк экен деп таңкалдык. Айланамдагы адамдар да,сайраган куш да,шыбыраган жалбырактар да,деңиздин шуулдаган толкундары да көзүмө башкача көрүнүп, дүйнө мурункусунан да көркүнө чыгып,кулпуруп чыга келди…. Ленинграддын ак түндөрүндө чөмүлүп,Нева бойлоп кыдырган,армансыз сырдашкан ошол сааттар ай!…Элде калган жеңен менен эки бала да эстен чыгып,ажайып бир убакытты баштан өткөрдүк. Сапар мезгили аяктагандан кийин,делегация мүчөлөрү элге кайтты…жүрөгүмдүн жартысын Нева боюнда калтырып бара жаткан таризде ,кете албай боголо бердим. Акыры Москвада жумушум бар,поезд менен кайтамын деп шылтоолоп,Ленинградда калып, эки-үч күндөн соң Москвага аттандык. «Москва»конок үйүндө бир күн,бир түн экөөбүз жалгыз калып,не бир руханий ысык сырдашуу сааттарын баштан кечирдик.Кайра-кайра коштошуп,бири- бирибизди кыя албай,акыры Бүбүсара менен кошо электричка менен Ленинградга келдим.Орус талаасында зуулдай учкан «Стрелланын» үстүндө тербелип кетип бара жаткан сааттар…бир кайрылып айланып келбес чактар ,али күнгө чейин эсимден кеткен эмес. Ленинградга келген соң, Бүбүсара мен кайрадан Москвага чейин узатып барам деп,өзүм өтүнүч жасап, араң токтоттум. Ошондон баштап,Бүбүсара кайтыш болгонго чейин,он төрт жыл бою,алоолонгон жүрөктүн жалыны бир саатка да басаңдаган жок.Ошондой эле ушак-айыңдын өртү да ошол жылдары бизди аябай шарпыды… Бүбүсара Ленинградда окуп,билим алган.Театр,кино менен адабиятка келгенде өзгөчө зирек,парасаттуу жан экен.Мүнөзү менен көркүнө өнөрү жарашкан адамдын,менин өмүрүм менен чыгармачылыгыма тийгизген таасирин айтып жеткирүү абдан кыйын. «Миң бир түндүн» икаясындай ,экөөнүн ашыктыгын эшитпеген эч ким жок,эмне себептен экөө кошулбай калган деген собол баарын ойлондураар.Мен сөз жиберсем,Бүбүсара аңгеме бетин оолак буруп тура турган. Экөөбүздүн жаңыдан алган үйүбүз да,бир үйдүн коңшу подьездинен болуп чыкты.Бир ирет отуруп сырдашканыбызда, Бүбүсара:-Ачинов(фамильям менен атымдын алгачкы тамгаларынан курап алган) ойуңду окуп турам-деп наздана күлүмсүрөгөн жүзүндө, муң турду. -Чын ашыктар кошулбайт деген бар го. Балким,ошол чын чыгаар,- деди да ойлонуп кейип турду.-Анткени үйлөнгөндөн кийинки тирликтин күнгөйү улуу сезимдерди жеп койот. Махабатыбызды никеге байлабайлычы -дейт. Жубайлык өмүрдү кайсы аял эңсебейт дейсиң. Кийин ойлосом,бул Бүбүсаранын менин чыгармачылыгыма кесирим тийбесин деген тилек менен жасаган аракети экен.Ал кезде өзүң билгендей,аялы менен ажырашкан адамды моралдык жагынан бузулду деп,эшекке тескери миңгизип жиберет эле го. Бүбүсара менин жылдызымдын бийиктен жанып турушун каалап, өзүнүн жеке бакытынан баш тарткан экен.Сабыр –акылдын,сезим- жүрөктүн ээси.Бири-бирине багына бербеген эки касиеттүү орток сезимди бир максатка жүгүндүрүп, өзү сүйгөн адамга тилектеш болуп калуу-эң бийик адамгерчиликтин колунан гана келер иш. Бир жолу Бүбүсара экөөбүз учакка минбей,Москвадан Фрунзеге «Москва-Алмата»жүргүнчүлөрд поезди менен кайттык. Эки адамдык жайлуу купе. Адаттагыдай эч ким телефон согуп, эшиктин коңгуроосун кагып, мазаңды албайт. Үч күн- үч түн айтып түгөтө албас күндү өткөрдүк. Капырай, жүрөктүн терең түпкүрүнөн чыккан сан түрлүү аңгемелерибиз….мурун жан баласына тиш жарып айтып көрбөгөн сырларыбыз, өмүрдүн карама-каршылыктары тууралуу,адабият менен өнөрдүн күрдөөлдүү касиет-мүнөзү багытындагы пикирлерибиз жандашып,бири-бирин толуктап,жаныбыз рахат сезимге бөлөндү. Өзүнө  оюу,руху,мүнөзү, табияты шай келишкен адам табуудан артык бакыт жок экенин ,ошол жолу тунгуч ирет өз жүрөгүм менен сездим. -Бул менин эң бактылуу күнүм-деди Бүбүсара толкунданып.Өз ара чексиз түшүнүк тапкан сезимибизди поездин дөңгөлөктөрү да коштоп,жарышка салган жоргодой жулкунат.Терезеге үңүлө карап,бирде табигатты тамашалайбыз.Артыбызда орустун жашыл карагайлары колун булгап ,казактын пейилиндей кең талаасы жарышып калаар эмес.Арал калаасына келип токтогондо,вагондон чыгып,таза аба жуттук.Ал жылдары деңиздин суусу тартылбаган, эрке толкундары күнгө чагылышып жарк-журк этип, толуп ташып турган чагы. Андан бери Кызылордо,Арыс,Шымкент,Тулкубас… Бүбүсара менен бирге жүргөн жылдар ичинде ,далай шаарлардын маданият очокторунда болуп,тарыхый жерлерин араладык.Кээ бир үйлөрдүн тушунан, көчө кесилиштеринен,белгилүү маданият орундарынын алдынан өткөндө, Бүбүсара экөөбүздүн кубанганыбыз,аңгемелешкенибиз,күлгөнүбүз, муңайганыбыз-баардыгы үтүр-чекитине чейин эске келе калат. Өткөндө экөөбүз Кыргыз мамлекеттик Опера балет театрына барбадыкпы?Журт назары башкада.Мен болсо өз оюм менен алекмин.Бүбүсаранын өнөрдөгү эч ким кайталай алгыс,эрке элеси ошо театрдын сахнасынан канат кагып,ага тиешелүү далай окуялар биринен сала бири көз алдымдан кино тасмадай көз алдымда өтүп жатты.Сахнага карасам,нак азыр узак жылдар бою туткундаган аккуу бейнеси чыга келип ,бийлеп жөнөчүдөй. Жалпы….мен Бүбүсара рухунун көөнөрбөс, өзгөрбөс,тирүү,бирок,купуя эстелиги сыяктуумун. Ал бир сапар оорудум деп,шишик диагнозу менен Кузнецово ооруканасына жатты.Бир жарым жыл катуу кыйналды.Айтуунун өзү оңой эмес…Кузнецово аймагына да атайы уруксат кагазы менен киргизчү.Бүбүсара менен бир палатада ,дал ошондой дартка чалдыккан,Советтер ооданынын эл артисти Ольга Андровская да жатты.Ар бир барган сайын көңүлүн сурап турдум.Бир ирет барганымда Бүбүсара ордунан көтөрүлүүгө да алы жетпеди….Көрктүү жүзү соолуп,аялуу, мээримдүү көздөрүнүн оту өчүп калыптыр.Анын бул жашоодон жоктугун ойлогондо көз алдымда дүйнө асты-үстү болуп айланып,басайын десем аягым жерди таба албай калды.Акыры Бүбүсаранын жүрүп туруусу кыйындаган соң,Фрунзе ооруканасына которушту. Мен жумушта бир ордумда олтура албай,айланып эле оорукананы тегеректейм.Тагдырдын катаал өкүмүнө моюнсунуп жатканы менен,мен кирип келгенде Бүбүсаранын соолуган жанарында кубанычтын учкуну жарк эте калуучу эле.Жанын жеген оору дартын мага сездиргиси келчү эмес. Акыры 1973-жылы Бүбүсара көз жумду…

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru