Айбат » Иттен корккон, тамеки чеккен, сөйкө тагынбаган Ангела Меркель

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Иттен корккон, тамеки чеккен, сөйкө тагынбаган Ангела Меркель

APTOPIX Germany Merkel

Мындан ары “Саясаттагы сулуу” рубрикасынын астында саясатта аты чыккан мыкты аялзаттарынын жеке жашоолору тууралуу жазууну туура көрүп жатабыз. Бул жолу Германиянын канцлери Ангела Меркель тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Балалыгы

1954-жылы Гамбургада Хорст жана Герлинд Каснерлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы теолог болуп университетте сабак берсе, энеси латын жан англис тилдеринен сабак берчү. Ангела төрөлгөндөн кийин үй-бүлөсү Гамбургдан Германия Демократиялык Республикасына көчүп келишкен. Атасы Берлин-Бранденбургдагы чиркөөдө иштеп калат. Мектепке барганчакты Ангела бала бакчага да барган эмес.

Окуучулук күндөрү

Мектепте Ангела абдан жоош, өзү менен өзү жүрө берген кыз болчу дешет мугалимдери. Бирок, окуудан абдан мыкты болуп, мамлекеттик экзамендерден жалаң беш деген бааларды алган. Айрыкча орус тили менен математикадан жакшы окуганын мугалимдери баса белгилешет.

Студенттик күндөр

Мектепте окуп жүргөндө эле Ангела Карл Маркс атындагы Лейпциг  университетинин физика факультетине тапшырам деп максат койгон. Окуу мезгилинде 1974-жылдары Москвадагы физика бөлүмүнүн студенттери менен тажрыйба алмашуу учурунда Ангела биринчи күйөөсү менен таанышат. 1977-жылы Темплиндеги чиркөөдө экөөнүн никеси кыйылган.

Үй-бүлөсү жана экинчи күйөөсү

Ангела Меркель үй-бүлөлүү, азыркы жолдошу Иоахим Зауэр химия боюнча профессор. Социалисттик режим убагында эле биринчи күйөөсү Ульрих Меркель менен ажырашканга жетишкен. Фамилиясы биринчи күйөөсүнүкү калган, немисчеден которгондо көрүнүктүү дегенди билдирет. Ангела Меркелдин согончогу канаган эмес, балдары жок. “Мен абдан төрөгүм келчү, бардык мүмкүнчүлүктү пайдалангам бирок, боюмда болгон жок. Ал эми мен саясатка аралашканда 35 жашта болчумун, саясатка берилип кетип, бала жөнүндө ойлонууга убакыт болгон жок”, – дейт канцлер.

Хоббиси

Бакчада иштегенди жактырат, тамакты даамдуу жасаганды да сүйөт. Үйүнө келген коноктор анын колунан таттуу токочун жемейин кетишпейт экен.

Иттен коркот

Ангела Меркель иттен жаны чыгат. Себеби 1995-жылы үйүнө велосипед тээп келе жатса кошунасынын ууга чыккан ити анын бутуна жабышкан бойдон такыр чыкпай койгон. Ошол күндөн  тарта итке такыр жолбойт. Өзү бара турган жерге да ит жокпу деп алдын ала суранат. Ал барган жерде ит жок болушу керек. 2007-жылы  Меркель Россияга  пресс-конференцияга барган. Пресс-конференция бүткөндөн кийин Путин Ангеланы резиденцияга чакырып коноктоюн деген. Экөөнү сүрөтчүлөр тартып жаткан кезде ал бөлмөгө ит кирип келет. Жүрөгү түшкөн Меркелдин көздөрү чанагынан чыгып кете жаздаган. Ага чейин Путин Ангелага ит белек кылган эле.

Күнүнө 1 куту тамеки чеккен

Меркель жаштар министри болуп турган мезгилде күнүнө бир куту тамекини чегип койчу. Бирок, ал адаты кийин жоголгон. Канцлер үйүнүн жанындагы дүкөндөргө өзү эле чуркап барат. Атыр аттууну колдонбойт. Жаза турган үстөлүнүн үстүндө Улуу Екатеринанын сүрөтү дайыма турат. Меркель зер буюмдарына да өтө жакын эмес. Шакек, сөйкө дегенди эзели тагынбайт. Жылдыз белгиси бөйөн болгондуктан музыканы сүйөт.

Меркельдин жашоосунан кызыктуу фактылар:

–   36 жашында Гельмут Коль кабинетиндеги эң жаш министр болгон.

–   Публиканын көңүл борборунда болууну каалабаган профессор аялынын инаугурациясына барган эмес.

–   Кээде Ангела Меркельди “Тевтондук Маргарт Тэтчер” аташат.

–   Бала кезинде мугалим болууну кыялданчу.

–   Бош убактысында китеп окуганды, саякаттаганды жактырат.

–   Эң акылдуу деп Аристотелди, Людвиг Эжана Марио Кюрини айтат.

–   Жашыл капустадан даярдалган тамактарды тамшанып жейт.

–   Жакшы көргөн актёру Роберт Редфорд.

–   Атасынан негиздүүлүктү апасынан достукту алган.

Айбат гезити

Самара Саламатова



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru